Кара-Суу районунда коронавирус илдетин 8 адам жуктурганы аныкталды

Материал саат 16:40да жаңыртылды.

Республикалык штабдан 24-мартта коронавирустун жаңы 26 учуру катталганын, анын сегизи Ош облусунун Кара-Суу районунда аныкталгандыгын билдиришти. Оору жуктургандар Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында дарыланышууда.

Кара-Суу районунун аймактары Ош шаары менен чектеш жайгашкан. 23-марттан тарта шаарга башка аймактардан кирүүгө чектөө киргизилди. Жети жерге санитардык-карантин посту орнотулду. Калаада коомдук транспорттун иштөөсү жана такси кызматтарынин ишмердүүлүгү токтотулду. Жергиликтүү бийлик тургундарды үйдөн чыкпоону эскертишүүдө.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды. Учурда контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 96 адамдын анализдери шек жаратууда, бирок азырынча анализ терс жыйынтыкты көрсөтүүдө. Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды — 68 эркек, 74 аял.

Ооруканага жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө, мындан сырткары 6 жаштагы 1 балада, ошондой эле 14 жаштагы 1 өспүрүмдө коронавирус инфекциясы аныкталды. Калгандары 16дан 86 жашка чейинки кишилер.

Ушуну менен COVID-19 вирусу 42 кишиде аныкталды. Алардын алардын 17и Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда, экөө Ала-Бука районунда, 11и Ош облусунун Ноокат районунда, 8и Кара-Суу районунда, бирөө Ош шаарында, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында.

Кыргызстандын айрым аймактарында коронавируска байланыштуу 25-марттан тарта 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилет. Алардын ичинде — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, ошондой эле өзгөчө абал Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондору бар.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.