Өлкөнүн коронавирус катталган райондорунда жана айрым шаарларда өзгөчө абал киргизилет

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус жуктургандар аныкталган райондорго жана ири шаарларга өзгөчө абал тартибин киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Алардын ичинде — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары бар. Мындан тышкары, өзгөчө абал Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда киргизилет.

Өзгөчө абал тартиби 25-марттан тартып 15-апрелге чейин киргизилип жатат.

Коменданттык саат, аймакка кирип чыгуунун өзгөчө тартиби киргизилет. Ошондой эле жарандардын үй карантиндин эрежелерин сакташы, анын ичинде коронавирустун алдын алуусун карманышы дыкат байкогоо алынат.

Эреже бузгандарды, эгер алар өзгөчө абал киргизилген райондордун жашоочулары эмес болсо ал аймактан чыгарышат.

Ошондой эле өзгөчө абал тартиби киргизилгенде кызматкерлерди өз каалоолору менен жумуштан бошотууга болбойт жана адамдарды ыктыярчылар катары коронавирусту жоюуга тартса болот.

Мындан тышкары, митинг уюштурууга жана пикетке чыгууга да тыюу салынат. Жарандарга той, маараке өткөрүүгө да болбойт.

Эгер ЖМКлар «маалыматты шыкактап» жатканы байкалса бийлик тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул райондордо байланышты колдонууну өзгөчө эрежелери киргизилет, адамдардын документтер текшерилип, транспорттун кыймылы чектелет.

Жалал-Абад облусунда комендант болуп ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробек дайындалды. Ош облусуна комендант болуп ОИИБинин башчысы Малик Нурдинов, ал эми Бишкекте ИИМдин башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалды.

Өзгөчө абал тартиби киргизилип жаткан маалда өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 16 учурга жеткен.