Муфтият коронавирустан каза тапкандарды акыркы сапарга узатуу боюнча фатва чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашып, жугуштуу оорудан каза болгон мусулмандарды акыркы сапарга узатуу боюнча фатва чыгарды.

«Жугуштуу илдеттин жугуу кооптуулугу бар болгон учурларда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз кишинин окуганы абзел. Ошондо да оорунун жугуштуулугун эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек, тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда (дарыгерлер айткандай) белгилүү аралык сакталууга тийиш», — деп жазылат муфтияттын сайтында.

Ошондой эле муфтият кырдаалды эске алып, бир нече маркумга бир жаназа окуу жетиштүү болоорун чечти. Ал эми оорунун жугуу ыктымалдуулугу жогору болсо, тиешелүү инсандар тарабынан жерге берилген маркумдун жаназасын кабырынын башында кыбылага беттенип окууга да болот.

Маркумду жерге бергенге чейин аны шариат талап кылган тартипте жууп, ак кепинге орош керек. Бирок жугуштуу оору башкаларга жайылып кетишин алдын алуу үчүн муфтият төмөндөгүдөй жеңилдиктерди берди:

  • Сөөктү белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып жууганга болот.
  • Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда маркумдун сөөгүн кайрадан жууп кепиндөөнүн кереги жок.
  • Сөөктү жууш керек болсо тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийүү керек.
  • Денени өрттөп же кислота же башка химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбейт. Бирок сөөк этияттык үчүн вирустан коргоочу ыкмалардын жардамы менен жерге берилет.
  • Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын (өлүк салуучу) баштыкка ороп же табыт менен көмүүгө да болот.

*Фатва — Ислам динине байланыштуу суроолорго жооп түрүндөгү өкүм. Фатваны муфтият же диний аалымдар чыгыра алышат. Фатва шарияттык, башкача айтканда мусулмандарга, милдет болуп эсептелет. Аны аткарбагандар Кыргызстандын мыйзамдарынын алдында эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт.

30-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 94кө жетти. Алардын 49у Жалал-Абад облусунда, 33ү Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда, сегизөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда жана бирөө Нарын облусунда катталды.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция