Республикалык штаб үч адам коронавирустан айыкканын тастыктады

Маалымат жаңыртылып турат.

Республикалык штабдан 30-мартта Жалал-Абад облусундагы коронавирус жуктурган 3 бейтап айыкканын тастыкташты.

Саламааттык сактоо министрлигинин (ССМ) маалыматына ылайык, айыккандардын бардыгы учурда Жалал-Абад облусунун ооруканасында чыгарылууга даяр турушат.

Министр Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, аталган адамдардын анализдеринин жыйынтыктары таза чыкты. Бейтаптар 30-мартта ооруканадан чыгарылмакчы.

«Үч бейтап айыкты. Алар 14 күндөн ашуун ооруканада болушту. Коронавируска карата жыйынтыктардын бардыгы терс чыкты, рентгендин жыйынтыктары да канааттандыраарлык деп чыкты. Бейтаптардын абалы жакшы. Айрым маселелерди чечип, аларды ооруканадан чыгарабыз», — деп билдиришкен Жалал-Абад облусутук ооруканасынан «АКИпресске».

30-мартка карата, өлкөлө коронавирус шарттаган өпкө илдетине чалдыккандардын саны 94 адамга жеткен. Алардын ичинен үчөө оор абалда. Илдетке чалдыккандар өлкөнүн эки облусунда гана азырынча аныктала элек — Талас жана Ысык-Көл облусу.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция