Өкмөт бизнес жана калкка кандай жардам көрсөткөнү жатат?

Өкмөт 31-мартта коронавирустун калктын жашоосу менен экономикага терс таасирин азайтуу боюнча планды бекитти. Министрлер кабинети төмөнкү антикризистик чараларды сунуштады:

Калк

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, өкмөт калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына жардам берет.

«Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды, анын 5 миң тоннасы калктын аярлуу катмарын колдоого багытталат», — деди Абылгазиев.

Анын айтымында, өкмөт бизнес коомчулугу жана ыктыярчылар менен биргеликте муктаж жарандардын арасында азык-түлүктөрдү таркатат.

Бийликтин калкка жардам берүү боюнча планы төмөнкүлөрдү билдирет:

  • ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыз кылуу сунуш кылуу;
  • мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктардын топтомун топтоо;
  • социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармектердин, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча «жашыл коридорду» камсыз кылуу механизмин ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен уюштуруу жана макулдашуу;
  • азык-түлүк түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү.

Бизнес

Өкмөт башчысы белгилегендей, «бүгүнкү күнү көпчүлүк ишкерлер ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур болушууда».

«Бул глобалдык кризистер шарттарында биз канчалык аярлуу экенибизди дагы бир ирет далилдеп турат. Кризис бүтүндөй дүйнөгө таасирин тийгизди жана түзүлгөн кырдаал биздин экономикага дагы терс таасир берет», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

План боюнча, бийлик төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

  • салыктык карыздар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын мөөнөтүн узартуу жана бөлүп төлөө шартын түзүү;
  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин салыктык милдеттерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салыктык санкцияларды жана туумдарды колдонбоо;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 айга муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн акы төлөө мөөнөтүн узартууну сунуштоо;
  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин жер-жерлерде салыктык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун компоненттерин киргизүү мөөнөтүн узартуу;
  • 2021-жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн жылдыруу;
  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин төлөмдөр өз убагында төлөнгөн шартта салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча бизнес субъектилеринин отчёт берүү мөөнөтүн узартуу;
  • 2022-жылдын 1-январына чейин бизнести текшерүүгө мораторийинин мөөнөтүн узартуу;
  • 2021-жылдын 1-январына чейин төмөнкүлөрдүн тышкары көчмө салыктык текшерүүлөрдү чектөө:
  • тиешелүү уюмдарга 3 айдын ичинде төмөнкүлөрдү аткарууну сунуштоо:
  • абоненттердин карызы үчүн электр энергиясын, сууну, газ жана башка коммуналдык кызматтарды, байланыш кызматын жана Интернетти өчүрбөө;
  • коммуналдык кызмат акыларын төлөбөө үчүн айып, туумдарды эсептебөө;
  • Мамлекеттик мүлктү ижарага алуу үчүн төлөмдөрдү 2020-жылдын 1-апрелине чейин 3 айга жылдырууну камсыз кылуу;
  • 2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларды кудуретсиздик жол-жобосунан өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.