Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 18-марттан 1-апрелге чейин кандай өскөнүн графиктен карап көрүңүз. Графиктен Ош облусу жуктуруу учурлары боюнча Жалал-Абад облусунан аз убакытка алдыга озуп кеткенин жана коронавирус башка облустарда кантип пайда болгонун көрсө болот.

Мисалы, Ысык-Көл облусунда жуктургандардын биринчиси 21-мартта пайда болгонун, бирок ал тууралуу кечирээк билинип, ал эми Нарында биринчи жуктурган учур 23-мартта белгилүү болгонун көрүүгө болот.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 111 адамга жетти, алардын көпчүлүгү Жалал-Абад облусунда. Башында бийлик вирус тыштан келгенин айтып жаткан. Анда ал негизинен умрадан, анын ичинде Франция жана Орусиядан кайтып келгендерде аныкталган. Эми болсо Кыргызстанда көптөгөн байланыш учурлары бар. Ал башка өлкөдөн кайтып келгендер менен карым-катнашта болгондор — көбүнесе алардын үй-бүлөсү, анын ичинде балдар.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция