Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү сунушталды

Парламенттин депутаты Курманкул Зулушев Кыргызстанда референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбооруна ылайык, жарандар Кыргызстандын башкаруу формасы кандай болушу керектигин тандашы керек — парламенттик же президенттик.

Зулушев демилгесин Конституциянын бардык редакциядарында буга чейин даяр башкаруу формалары жазылганы менен негиздөөдө. Натыйжада жарандар башкаруу формасы үчүн өзүнчө добуш беришпей, өлкөнүн негизги мыйзамы үчүн добуш беришкен.

«Мыйзам долбоору эл тарабынан мамлекеттин түзүлүшүн аныктоого шарт түзүүнү үчүн иштелип чыккан», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Мыйзам долбоорунун тексти боюнча, референдумду 4-октябрда өткөрүү пландалууда. Ушул эле күнү өлкөнүн парламентине шайлоо өткөрүү пландалууда.

Эгер депутаттар жана президент бул мыйзам долбоорун колдой турган болсо, анда ал 2020-жылдын июлунда күчүнө кирип калат.

2010-жылы Кыргызстанда революция болуп өткөндөн кийин жаңы Конституция кабыл алынган. Ал парламентти күчтөндүрүп, президент менен өкмөттүн бийлигин бошоңдоткон. Мындай чечимдин кабыл алынышына кулатылган президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев дайыма өз ыйгарым укуктарын чегинен ашыра пайдалангандыгы себеп болгон. Жыйынтыгында алардын башкаруусу учурунда эки революция орун алган.

Бирок учурда парламентке көптөгөн ыйгарымдар берилгени менен ал дагы деле президенттен өтө көз каранды бойдон калууда.

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча бир референдум өткөн. Ал премьер-министрдин ролун күчөткөн. Ошол эле кезде Атамбаев кызматка киришип жатып Кыргызстандын президенти болуп турганда өлкөнүн башкы мыйзамын өзгөртпөөгө убада берген болчу.