Кыргызстандын жарандарында кадимки күндөрү мамлекетке көз салып турууга жана ал тараптан орун алган укук бузууларга каршы күрөшүү үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөрү бар.

Бирок өзгөчө абал (ӨА) тартиби маалында мамлекет дээрлик чексиз укуктарга ээ болот: бийлик, мисалы, жарандардын коопсуздугу үчүн укуктарды жана эркиндикти чектей алат.

Иш жүзүндө бул бийлик өкүлдөрүнүн кыйла көп укук бузууларына алып келиши мүмкүн. Анын үстүнө, Кыргызстандын негизинен адам укуктарын сактоо боюнча тарыхы анчейин позитивдүү эмес.

Мындай учурларда мамлекеттен кантип коргонуу керек? «Клооп» адвокат Фатима Якупбаева менен бирге ӨА маалында Бишкекте болуп аткан белгилүү учурларды талдап көрдү.

Жеке учурларга өтөөрдөн мурда, укук бузуу орун алган учурда 102 номерине чалып, укуктарыңыздын бузулуп жатканын билдиришиңиз керек болот.

Бийлик өзгөчө абал маалында укугуңузду бузуп жатабы? Бизге кабарлаңыз!

Мени кайгуулчу токтотту. ӨА маалында андан документтерин көрсөтүүсүн талап кыла аламбы же жокпу?

Ооба, албетте. «Ички иштер органдары тууралуу» мыйзамдын сегизинчи беренесине ылайык, сиз андан кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүсүн талап кылууга укуктуусуз, жада калса ӨА маалында. Мындан тышкары, милиция кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тарткан учурда сиз анын талаптарына баш ийбей коюуга укуктуусуз. Мунун издөөдөгү дамдарга тиешеси жок.

Мени коменданттык сааттын эрежесин бузуу үчүн кармашты. Дагы деле адвокатка укугум барбы?

Албетте, кармалган учурдан тартып ар бир адамдын жактоочуга укугу бар. Бирок бекер мамлекеттик адвокатка эмес. Мамжактоочулар оор жана өзгөчө оор кылмыштарга айыпталып жатканда гана кепилденет, ал эми коменданттык саатты бузуу таптакыр эле кылмыш деп эсептелбейт.

Комендаттык саатты бузуу үчүн кандай жоопкерчилик каралган?

Өзгөчө абал тартиби киргизилген райондордо атайын өткөрмө барагы жок саат 20:00дөн 07:00го чейин жарандардын кыймылы чектелген. Эреже боюнча, бул өткөрмө барактар дарыгерлерге, күч түзүмдөрүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге берилет.

Эгер сиздин бул топтордун бирине да тиешеңиз жок болуп кайгуулчуну кабылсаңыз, анда сизди милиция бөлүмүнө алып барып, ал жакта коменданттык саат бүткүчө, тагыраагы эртең мененки саат 7:00гө чейин кармашы мүмкүн. Бул мыйзамдуу аракет болуп эсептелет. Ал эми документтери жокторду өздүгү такталгыча үч суткага чейин кармашы мүмкүн.

Штрафтар боюнча айтсак, комендаттык саатту бузуу үчүн өзүнчө берене жок. Бирок башка 293-берене бар — «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу». Ага ылайык, сизге үч миң сомдук айыппул салынат.

Мындан тышкары, милиционердин талаптарына баш ийбөө үчүн үч миң сом өлчөмүндөгү айыппул каралган. Мисалы, эгер сиз милиционерге паспортуңузду көрсөтүүдөн баш тартсаңыз.

ӨА тартиби учурунда кайгуул милициясынын аракеттеринин үстүнөн кайда даттансам болот?

Эгер милиция укуктарыңызды бузса, анда бул тууралуу кабарлоонун биринчи жана эң эле тез жолу — бул 102 номерине чалуу. Эгер бул жардам бербесе, «Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш тууралуу арыз менен укук коргоо органдарына (прокуратурага же УКМКга) кайрылыш керек. Ошондо милиция кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугун иликтөө жана тергөө иштери башталат. Эгер бул да жардам бербесе, анда милиционерлердин күнөөлүүлүгү боюнча маселени сотто чечүүгө туура келет.

Милиция кызматкеринин мыйзамсыз аракеттерин күбөлөндүргөн далилдердин болуусу пайдалуу: аудио жана видео жазмалар, сүрөттөр жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү.

Бирок, Кыргызстандын соттору 5-апрелге чейин убактылуу иштебей тургандыгы эстен чыгарбаш керек. Бул күндөн кийин алардын жумушу кайра жанданышы керек, бирок, коронавирус кырдаалы кандай болуп кетээрин так билүү мүмкүн болбогондуктан, алардын иши кийинчерээк жанданып калышы да ыктымал.

Эгер сиз милициянын аракетине же аракетсиздигине сотто даттангыңыз келсе, эскирүү мөөнөтү деген нерсе да бар — бул мөөнөт ичинде өз укуктарыңызды коргосоңуз болот.

Соттордун жумуштарынын токтошу — эскирүү мөөнөтүн узартуу үчүн негиздүү себеп. Ошондуктан, мөөнөттүн өтүп кетишин калыбына келтирсе болот, бирок даттанууга болгон мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу өтүнмөнү жазуу түрүндө берүүнү сунуштайбыз.

Прокуратура менен УКМК ӨА убагында кадимки тартипте иштеп жатышат, демек режим киргизилгенге чейинки убакыттай эле жарандардын даттанууларын кабыл алууга милдеттүү.

Эгер кайгуул милициясы укуктарымды бузса, аларды видеого тарта аламбы?

Албетте.

Эгер мени элдик кошуундун мүчөсү/ыктыярчы токтотсо, документтерин талап кыла аламбы?

Алар расмий кызматтагы адам экенин түшүнүү үчүн аларда атайын форма же экипировка жок, андыктан, албетте сиз ал ким экенин жана өз сөздөрүн кантип тастыктай алаары тууралуу суроо узата аласыз. Бирок муну адекваттуу жана сылык мүнөздө кылууну сунуштайбыз.

Элдик кошуундун мүчөсү кандай укуктарга ээ? Ал мени штрафка жыгып, жоопкерчиликке тарта алабы же жокпу?

Алар расмий кызмат адамдарга окшош болгон эч кандай укуктарга ээ эмес. Штраф да сала алышпайт.

УКМКнын кызматкерлери коронавирус тууралуу «чындыкка дал келбеген» маалымат тараткандыгым үчүн кармашты. Эмне кылыш керек?

«Чындыкка дал келбеген» маалымат, анын ичинде маани-маңызындай жана андан кийинки жазалар сыяктуу эле ар кандай болушу мүмкүн. «Жалаа» деген кылмыш Кыргызстандын Жазык кодексинде мурда эле жок болгон.

«Билип туруп жалган билдирүү жасоо» беренеси да жок. УКМКнын кызматкерлери берененин туюндурмасы менен манипуляция кылышат жана анын аталышын аягына чейин айтышпайт. Өздөрүнүн пресс-релизинде «жалган маалымат жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган» деп жазышат. Чындыгында, кылмыш жоопкерчилиги 344-берене менен каралган — «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо».

Мисалы, эгер сиз фейсбукта адам имбирь же сарымсак жесе коронавирустан айыгат деп жазсаңыз (спойлер — айыктырбайт!), анда сизди кылмыш жоопкерчилигине тарта алышпайт, эркиңизден да ажырата алышпайт же штраф да сала алышпайт. [Бул врачтарга тиешелүү эмес. Эгер алар адамдарга коркунуч жаратуучу маалыматты бурмалап же жашырып коюшса, анда аларга 12500 сом өлчөмүндөгү айыппул салынат же алар эки жарым жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.]

Бирок, бирөөгө зыян келтирген же алтургай бирөөнү кыйыр түрдө кылмыш жасоого түрткү кылып койгон жалган маалымат жарыялоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Милиция документтерди текшербей, өткөрүү үчүн 200 сом талап кылып жатат деген маалыматты соцтармактарда жайылткан жарандын учуру мисал боло алат. Эгер ушул сыяктуу нерсени фейсбукта жазууга камданып жатсаңыз — анда буга далилдериңиз болгону оң.

Мындан тышкары, эгер сиз тараткан маалымат кимдир бирөөнүн ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирген болсо, анда бул жарандык жоопкерчилик болушу мүмкүн.

Мисалы, сиз фейсбукта кошуналарыңыз кичи ажылыктан келгенин жана алар коронавирус менен ооруп жатканын, тынбай жөтөлүп жана оор дем алып жатышат деп жаздыңыз. Мындай маалымат тараткандыгыңыз үчүн кошуналарыңыз сизди кадыр-барк, ар-намысты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндө доо арыз менен сотко бериши мүмкүн, ошондой эле моралдык зыян үчүн кун төлөттүрүп да алышы мүмкүн.

УКМК пресс-релиздеринде «жалган маалымат таркатуу үчүн кармалгандар өкүнүп, элден кечирим сурашканын» жазууда. Бул эмнени билдирет жана алардын буга укугу барбы же жокпу?

Кылмыш/жорук/бузуу үчүн баардык жаза түрлөрүнүн ичинен «элден кечирим суроо», демек, анын ичинде өкүнүү да каралган эмес.

Жада калса эгер болгон күндө деле, тергөө комитети — бул күнөө же күнөөсүздүктү таанып, жаза аткарууну табыштагыдай сот эмес. Бул процедурага саналуу күндөр эмес, айлаган убакыттар кетет.

Ошол эле кезде кызматкерлер бул адамдар менен андан ары эмне болгонун түшүндүрүшпөйт: аларга карата тергөө токтогон-токтобогонун, атүгүл окуя юридикалык жактан алып караганда эмне болуп аяктаганын.

Коронавирус тууралуу маалыматтын чындыгын кантип далилдеш керек?

Коронавирус тууралуу маалыматтын чындыгынын далили — расмий булактардан алынган талашсыз фактыларды келтирүү болот. Расмий булактар — бул бийликтин мамлекеттик органдары же Кыргызстан мүчө болгон уюмдар, мисалы, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму же БУУ. Юридикалык жактан, бул булактардан келтирилген далилдер эң компетенттүү болуп саналат.