Пакистанда үч кыргызстандыкта коронавирус аныкталды

Пакистанда үч кыргыз жараны COVID-19 коронавирусун жуктурду. Бул тууралуу кыргыз ТИМи 1-апрелде билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстандын 1950, 1952 жана 1959— жылкы жарандары Абботабад шаарында дааватта жүрүшкөн. Алар менен кошо дагы башка алты кыргызстандык жана Орусиянын бир жараны (теги кыргыз) болгон.

«Учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылган, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар, анын да COVID-19га карата тестинин жыйынтыгы оң чыккан. Үчүнчү жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө карантин аймагында жатат. Врачтар баарынын абалын туруктуу, критикалык эмес деп баалашты», — деп кабарлашты ТИМден.

Министрликтен белгилешкендей, аталгандар Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинде консулдук каттоодо турушпайт жана ага жардам сурап кайрылышкан эмес.

23-мартта ТИМ коронавируска чалдыккан бир кыргызстандык Пакистанда экенин, дагы төртөө — карантинде экенин ырастаган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция