Ошко медиктердин тобу коронавирусту жуктурганын иликтөө үчүн адистер жөнөтүлдү

Саламаттык сактоо министрлиги Ошко медиктердин топ-тобу менен коронавирусту жуктуруп алуу учурларын иликтөө үчүн инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кеткенин кабарлады.

Министрликтин маалыматы боюнча, вирусту жуктуруп алган ар бир медкызматкер боюнча иликтөө жүрүп, тийиштүү баа берилет.

«Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», - деди саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

9-апрелге карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган саламаттык сактоонун 34 кызматкери катталды, алардын ичинде врачтар, медайымдар, инфекциячылар, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жана кир жуугуч кызматкерлери бар.

Бийлик коронавируска чалдыккан медкызматкерлерге компенсация төлөп берүүнү пландап жатат. Коменсациянын суммасы учурда макулдашылып жатат.

Кыргызстанда 9-апрелге карата жалпысынан коронавирус 280 адамда аныкталган, алардын ичинен 10 адам оор абалда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.