Бишкек жана Чүйдөн беш медик коронавирус жуктурду

Республикалык штаб коронавирус жуктурган дагы беш медик тууралуу билдирди — төртөө Бишкек жана бирөө Чүй облусунан. Коронавирус жуктурган медиктердин саны 39 адамга жетти. Жалпы жуктургандардын арасынан медиктердин жуктуруу учурлары 13% жетти.

Инфекция жуктурган дарыгерлердин көбү Ош облусунда катталган — 21 адам, Жалал-Абад облусу жана Бишкекте сегиз адистен, ал эми Баткен жана Чүй облустарында бирден адам.

Жумушта вирус жуктуруп алган медиктерге компенсация төлөнүп берилиши керек, бирок бийлик адистер чын эле жумушта жугузуп-жугузбаганын текшергиси келет. Мисалы, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өз бирифингинде Оштогу балдар стационарынын адистери коронавирусту кесиптешинен жугузганын, ал эми ошол кесиптеши умрадан келген кыргызстандыктын үйүнө конокко барып жуктуруп алганын айткан.

Анын билдирүүсү ооруну жуктурган медиктерди нааразы кылып, оорукананын адистери оор абалда жаткан кесиптешин колдоп чыгышкан. Оор абалда болуп аткан медкызматкер да билдирүү жасап, коронавирусту жумушта жүрүп жуктурганын жана жетекчилигине ооруканага жатып, коронавируска текшерилиши керектиги тууралуу эскертип айтканын, бирок суранычын көз жаздымда калтырышканын айтып берген.

Коронавируска чалдыккан 39 медик — бул дарыгерлер, ооругандарды дарылап, алар менен байланышта болгон орто жана кенже медперсонал, эпидемологдор жана ооругандар ким менен байланыш түзгөнүн аныктоо үчүн Кыргызстандагы жуктуруу очокторуна барып турган эпидемкөзөмөлдүн кызматкерлери.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун учуру 298 адамга жетти, жуктургандардын бешөө каза тапкан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

ТЕМА БОЮНЧА: