Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы 8-апрелде жыйынтыктоочу дезинфекцияга жабылган. Буга медициналык кызматкерлердин коронавирус жуктуруп алышканы себеп болду. Ал эми вице-премьер-министр Кубатбек Боронов медкызматкерлер коронавирусту бейтаптардан эмес, «ажы тойго» барган кесиптешинен жуктуруп алган деп божомолдогон.

«Инфекция бөлүмүндө иштеген бир дарыгер умрага барып келген кошунасынын чакырган “чайына” катышып, ошол жерде отуруп, кошунасынын үйүндө жуктуруп алганы такталып жатат. Анализи чыкканга чейин өзү да байкабай жүрүп, жумушка келип, кесиптештерине жуктуруп алгандыгы боюнча саламаттык сактоо министри бизге маалымат берип жатат», — деген Боронов.

Бирок коронавирусту жуктуруп алган Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасынын дарыгери Тамила Нуркамилова Бороновдун «бир дарыгер умрага баргандын чайына катышкан» деп айткан сөзүн төгүндөп, ага карата жасалган «жалган жалаадан кутулууга жардам берүүнү» суранды. Анын кайрылуусун фейсбуктун колдонуучусу Акбалык Жумалиева жарыялады.

«Менден 3-4 күн мурда бөлүмдөгү дарыгерибиз Сайра Шакирова, андан кийин 28- мартта 1чи жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Зарина Раимкулованын дене табы 38° болгон. Биз баардыгыбыз бир маршруткада жумушка барып келип жатканбыз. 30-март күнү түндөсү менин температурам 37.1°ге чыгып ошол боюнча жумушка барган эмесмин», — деп айтып берген Нуркамилова.

Дарыгердин айтымында анда биринчи симтомдор бар болгон эртеси күнү стационардын жетекчиси Кайрат Абжаловго чалып, тест системасынан өтүүнү суранган. Бирок ошол бойдон жооп болгон эмес. Андан кийин вирусологго кайрылып акыбалы оорлошуп баратканын түшүндүрүп, ПЦР анализин тапшырган. Анын жыйынтыгы «шектүү» болуп чыккан дейт.

«Мен кайрадан Кайрат Макамбаевичке [Абжалов, оорукананын жетекчисине] чалып, [обсервацияга] жаткыза бергилечи десем “сиздики [дене табыңыз] 37 эле экен, штаб чечет” деп жаткызбай коюшту», — дейт Нуркамилова.

Нуркамилованын айтымында, андан коронавирус 3-апрель күнү гана аныкталып оор абалда Ош облусттук клиникалык ооруканасына түшкөн.


Нуркамилова 33 жылдан бери дарыгер болуп иштейт. Ал коомчулуктан жалган маалыматты четке кагууга жардам сурайт.


«Бул врач оор акыбалда жатат, өлүп калса эч ким текшербейт деп өзүнүн жанын сактап калыш үчүн берилген информация. Бүгүн эрте менен Кайрат Макамбаевич телефонго чалып, "ватсаптан болсо дагы түшүнүк кат жазып коюңузчу" деди эле. "Мен эч нерсе жазбайм" дегенмин. Балким менин ордума өздөрү жазып койгон болушу да мүмкүн. Акыбалымдын оордугунан колум титиреп, ыйлап жатып жазып жатам», — деп айткан ал.

Учурда даарыгердин абалы оор, ал кислород концентраторуна уланып, плазма алып жатат.

Нуркамилованы кесиптештери колдоду

Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасынын 17 медкызматкери дарыгер Нуркамилованын кайрылуусун колдоп, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана башкы инфекционистке кат жолдошту.

Анда «ажы тойго» барды делген медик умрадан келип обсервацияда жаткандардан анкета алган, ооруну ошол жактан жуктуруп алган дешти. Алар Бороновдун брифингде дарыгер тууралуу айткан сөздөрү абройлоруна шек келтиргенин айтышууда.

«Ал дарыгер 1-марттан Ош шаарынын Черемушки кичи шаарчасында жайгашкан ФТБ-3түн авариялык имаратына 17-мартта кичи ажыдан кайтып келген жарандардан анализ алууга жана анкета толтурууга оорукананын башчысы Абжалов тарабынан киргизилген. Дарыгердин айтуусу боюнча, ал жерде эч кандай шарт түзүлгөн эмес болгон. Шаар мэринин көрсөтмөсүнө карабастан, ал жерди жууп-тазалоо болгон эмес», — деп жазылган кайрылууда.

Оштогу балдардын инфекционный больницасынын врачтары байланышка чыгышты. "Бизге жалаа жабышпасын, бизди элге жаман...

Posted by Stella Sultan on Wednesday, April 8, 2020

Кызматкерлердин айтымында, оорукананын айрым корпустары 14-март күнү обсервация уюштуруу үчүн алынган. Бирок ал имараттардын ичи талапка ылайык дезинфекциядан өткөн эмес. Ошондой эле ооруканада жетиштүү шарттар түзүлбөгөнүн умрадан келген жарандар 18-мартта видео тартышып, соцтармактарга жарыялаган.

9-апрелдин таңына карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 280ге жетти — алардын 34ү медкызматкер. Оору жуктуруп алган медкызматкерлердин эң көбү — 21 — Ош облусунда катталды. Саламаттык сактоо министрлиги медиктердин коронавирусту жуктуруп алган учурларды иликтөө үчүн Ош облусуна атайын инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кеткенин кабарлады.