«Дождь» басылмасы Санкт-Петербург метросундагы теракт үчүн соттолгондор тууралуу тасма тартты — жардыруу 2017-жылы болгон. Жардырууда 16 адам, анын ичинде айыптоо жанкечти деп эсептеген Кыргызстандын атуулу Акбаржон Жалилов ажал тапкан.

Мындан тышкары, көбүнесе Кыргызстанда туулган 11 адам күнөөлүү деп табылып, ири жаза мөөнөтүнө, тагыраагы 19 жылдан өмүр бою эркинен ажыратууга чейинки абак мөөнөттөрүнө соттолушкан. Укук коргоочулар, журналисттер жана юристтер тергөө көрсөтүп аткан далилдерге күмөн санашууда. «Дождь» басылмасынын журналисттери көрүүчүгө бул иште өздөрүн сот арачы катары элестетип көрүп, бардык далилдер менен дал келбөөлөрдү көрүп чыккан соң Санкт-Петербург метросундагы теракт боюнча ишти кайра карап чыгуу керек же керек эместиги боюнча өз алдынча чечим чыгарып көрүүнү сунуштайт.

ТЕМА БОЮНЧА: