Өлкө боюнча коронавирус жуктурган медиктердин саны 63 адамга жетти

Саламаттык сактоо министрлиги медкызматкерлердин арасында коронавирус жуктуруунун жаңы 12 учуру катталганын билдирди. Ошто алты медик, Нарында бешөө жана Бишкекте бирөө жуктурган. Натыйжада коронавирус жуктурган медиктердин саны 63 адамга жетти — алардын ичинде эмидемологдор, врачтар, орто жана кенже медперсонал, ошондой эле жуктуруу очокторуна байланышкандарды аныктоо жана дезинфекциялоо үчүн барып иштеген санэпидемкөзөмөлдүн кызматкерлери бар.

Буга чейин өкмөт башчысы коронавирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң сомдон компенсация төлөнүшү керектигин тастыктаган. Эгер медик кокус каза тапса, анда анын үй-бүлөсү жалпы миллион сом алат. Жуктургандарга компенсацияларды төлөөдөн тышкары, ушундай эле төлөм учурда кооптуу жумушка тартылган медиктердин бардыгына да берилет.

Ай сайын алардын негизги маянасына 29 миң сомдон 46 миң сомго чейинки кошумча акча төлөнүп берилиши керек. Төлөмдүн өлчөмү медицина кызматкеринин категориясына жана анын жуктуруу очокторунда канча убакыт бою жүргөнүнөн көз каранды.

Кыргызстанда 377 жуктуруу учуру катталды. Беш бейтап каза таап, 54 адам ооруканадан айыгып чыгарылды. Ооруканаларда коронавирусу бар 318 бейтап калууда, алардын ичинен 11 адам оор абалда жана алтоо реанимацияда.