Коронавирус жуктуруу коркунучу бар аймактарда иштеген медиктерге кошумча акы төлөнө баштады

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, 8-апрелден тарта медкызматкерлерге март айы үчүн «компенсациялык төлөмдөр» бериле баштады. Негизи, бул бийликтин мурда медиктерге убадалаган кошумча акылары.

Кошумча акылар адаттагы иш графиги боюнча коронавирус жуктуруп алуу коркунучунда иштеген медиктерге каралган, ошондой эле карантиндик-казармалык абалда иштөөгө мажбур болгон медиктерге берилет — алар үйлөрүнө барбастан тобокел аймактарда белгилүү мөөнөт бою иштешип, андан кийин карантинге жөнөтүлүшөт.

Бийликтин убадасы боюнча, кошумча акылар эки-үч күндүн ичинде төлөнөт. Кошумча акы эле эмес, медиктердин негизги иш ордундагы маяналары да төлөнүшү керек.

Ал эми коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге каралган компенсация маселеси дагы деле чечиле элек.

Аларга канча төлөнөт?

«Төлөмдүн өлчөмү медицина кызматкеринин категориясына жана анын жуктуруу очокторунда канча убакыт бою жүргөнүнөн көз каранды», — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин каржы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Атакулов.

Кезмет тартиби боюнча иштеген медиктерге 29 000 сомдон төлөмдөр каралган.

Казармалык абалда жүргөн медиктер үчүн төлөмдөр күбөрөөк.

Кенже тейлөө кызматкерлери — кир жууган адамдар, ашпозчулар, санитарлар жана кенже медайымдар менен медагаларга 38 000 сомдон төлөнөт.

Орто мед персоналга — улук медайымдар менен медагалар, фельдшерлер, парамедиктер, стоматологдор менен фармацевттерге 41 000 сомдон төлөнөт.

Врачтарга 46 000 сомго чейинки кошумча акы каралган.