«Газпром Кыргызстан» апрелде жаратылыш газынын наркын кымбаттатпай калды

«Газпром Кыргызстан» компаниясы 2020-жылдын апрелинде жаратылыш газдын тарифин жогорулатпай тургандыгын кабарлады.

«Экономикалык активдүүлүктүн токтоп турушуна жана коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды эске алып, өкмөт менен консультация өткөрүүнүн жыйынтыгында апрель айында 2020-жылдын мартындагы тарифтер күчүндө болоорун билдиребиз», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Демек калк үчүн газдын бир кубометринин баасы 15,5 сом, ал эми бизнес үчүн — 18,7 сом бойдон калды. Жаратылыш газы үчүн тарифтер ай сайын кайра эсептелип турат.

Буга чейин «Газпром Кыргызстан» жаратылыш газынын наркы кубометри үчүн 2,3 сомго кымбаттап жатканын кабарлаган.

Бир кубометр каздын наркы калк үчүн 17,6 сом, ал эми бизнес үчүн 21,3 сомго кымбаттап кетмек.

Компаниядан тарифтердин кымбатташын бир доллар үчүн 82 сомду түзө баштаган доллардын расмий курсунун өсүшүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн.

«Газпром Кыргызстан» — Кыргызстандын керектөөчүлөрүн жаратылыш газы менен камсыздоонун бардык функцияларын аткарган табигый монополия. Уставдык капиталда компаниянын 100% үлүшү Орусиянын «Газпром» компаниясына таандык.