«Газпром Кыргызстан» жаратылыш газдын наркын кымбаттатты

«Газпром Кыргызстан» компаниясы апрель айына карата жаратылыш газынынын тарифин кымбаттатты. Калк үчүн газдын бир кубометринин наркы 2,3 сомго өстү — 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин.

Бизнес (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүм жана бюджеттик уюмдар) үчүн тариф февраль-апрель айыларында кубометри үчүн 2,6 сомго кымбаттаган — 18,7 сомдон 21,3 сомго чейин.

Компаниядан тарифтерди кымбаттатуу 1-апрелге карата бир доллар үчүн 82 сомду түзө баштаган доллардын расмий курсунун өсүшүнө байланыштуу деп түшүндүрүштү.

Компаниянын билдирүүсүндө Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамагенттик «Газпром Кыргызстан» компаниясын жаратылыш газдын тарифтерин Кыргызстандын Улуттук Банкы ар бир айдын башталыш күнүнө карата орноткон сом/доллардын расмий наркы боюнча ай сайын кайрадан эсептеп турууга милдеттендирээри айтылат.