Cүрөт: 24.kg

14-апрелге карата Кыргызстанда короновирустун жаңы 11 учуру катталды. Алардын 8и Бишкекте, бирөө Чүй облусунда, экөө Жалал-Абад облусунда аныкталды. Жаңыдан ооруга чалдыккандардын алтоосу эркек, бешөө аял.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, Ала-Бука районунда коронавирус жуктурган 4 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

COVID-19 жуктургандар менен байланышта болгон жактардын саны — 7 100. Анын ичинен 1417 адам үй-бүлө мүчөлөрү, 5683 киши карым-катнашта болгондор.

Ушуну менен вирусту жуктуруп алгандардын саны 430 адамды түздү — алардын ичинен 230у аял жана 200ү эркек. Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 93, Ош облусунда – 128, Ош шаарында – 59, Чүй облусунда – 28, Бишкек шаарында – 77, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 34, Ысык-Көл облусунда – 6.

Өпкө оорусунан 5 адам каза таап, жалпысынан 71 адам айыкты. 354 адам ооруканада дарыланууда. Анын ичинен 13 бейтаптын абалы оор — тогузу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жалпы өлкө боюнча 27 013 адамдан анализ алынган, анын 26 147синин жыйынтыгы чыккан. Ал эми 974 адам обсервацияга алынган.