Кыргызтандык аял мекенине кайта албай жаткандыктан өз жанын кыюуга аракет кылган

24.kg басылмасы 15-апрелде Орусиянын Новосибирск шаарында врачтар кыргызстандык аялга жардам көрсөтүп жатышканы тартылган видеону жарыялаган. Коронавирус пандемиясы жана чек аралардын жабылышынан улам Кыргызстанга кайтып келе албай жаткан аял дары-дармектердин чоң дозасын ичип алган. Бирок медиктер анын өмүрүн сактап калышкан.

«Ал үмүтсүздүктөн улам дарыларды ичип алган — Бишкекте жолдошу реанимацияда жатыптыр, аны караган эч ким жок экен», — деп айтып берген жабыркаган аялдын жанында болгон Ирина Степкичева.

Кыргызстандын ТИМинен «Клоопко» Новосибирсктен чыга албай жаткан кыргызстандыктардын маселеси боюнча консулдук кызматтын департаменти иштеп жатканын билдиришти.

«Алар тийиштүү маалымат даярдап жатышат. Бардыгы даяр болгондон кийин бизге беришет. Бирок ал качан болоорун азырынча айта албайбыз», — деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Хостелдерге жайгаштыруу жана токтотулган каттам

Кыргызтандын ТИМи 3-апрелде 132 кыргызстандык чартердик каттам уюштурулганга чейин Новосибирск шаарынын хостелдерине жайгаштырылганын кабарлаган.

Алар 11-апрелде Кыргызстанга кайтып келиши керек болчу, бирок ал күнгө пландалган Новосибирск — Бишкек — Новосибирск маршруту боюнча чартердик каттам жүзөгө ашпай калган.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун айтымында, «Росавиа» компаниясы чартердик каттамды жүзөгө ашырууга баш тартып койгон.

«Авиакаттам токтоп турат. Сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Новосибирск каттамы боюнча, “Росавиадан” баш тартып коюшту бизге», — деп билдирди Бейшенов.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Новосибирсктен Кыргызстанга бир чартердик каттамды уюштуруу үчүн 30 миң доллар керектелет.

Канча кыргызстандык мекенине кайта албай жатат?

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, учурда чет өлкөдө 4381 кыргыз жараны бар. Алардын жарымынан көбү Орусияда.

Коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөр авиакаттамдарды токтоткон. Мындан улам миңдеген кыргызстандыктар мекенине кайта албай жатат. Көптөгөндөрү мекениндеги өкмөткө кайтууга жардам берүү өтүнүчтөрү менен кайрылып жатышат.