Мигранттар жашаган жатакана. Сүрөт: Петр Ковалев/ТАСС

Орусиянын Ленинград облусунун Новосергиевка айылындагы жатаканалардын биринде жашаган 123 мигранттан COVID-19 вирусу аныкталды. Аталган жайда 12-апрелде 14 адамдан коронавирус аныкталгандан кийин ал карантинге жабылган эле. Эки күндөн кийин коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 35ке жеткен, ал эми өткөн суткада жаңы 88 учур катталганы белгилүү болду.

Жатаканада жалпысынан 472 адам жашаган — алардын 154ү эмгек мигранты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен алардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такалып жатканын билдиришти.

Жергиликтүү бийлик коронавирусту жуктуруп алган адамдарды ооруканага жаткырбай, ошол эле жатакананын ичинде обсервацияга алды. Жеринде Всеволожский ооруканасынын медкызматкерлери иштеп жатышат.

Оорукананын жетекчисинин орун басары Алла Школяренконун айтымында бейтаптар үч топко бөлүнгөн. Биринчи топто COVID-19 вирусу аныкталган жарандар, экинчиде оорунун белгилер бар, бирок илдет лабораториялык изилдөөдөн тастыктала элек бейтаптар. Ал эми үчүнчү топко оорулуулар менен карым-катнашта болгондор кирген.

Ал эми Ленинград облусунун прокуратурасы жатакананы субижарага алган жаранга карата «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен иш козгоду.

Орусияда 16-апрелге карата коронавирустун 27 938 учуру катталды. Орусияда 750 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Алардын көпчүлүгү Москва шаарында турушат.

Орусиянын өкмөтү 30-апрелге чейин карантин жарыялап, көптөгөн ишканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Мындан улам көпчүлүк кыргызстандыктар жумушсуз калган.

Орусия 27-марттан авиакаттамдарды токтотуп койгондуктан жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине кайта албай жатышат.