Кыргызстанга уча албай калган кыргызстандыктар Шереметьево аэропортунан чыгарылды

Орусиянын Москва шаарындагы Шереметьево аэропортунда 10-апрельге карата түнү ондогон кыргызстандык сыртка чыгарылды. Алардын арасында боюнда бар айым да болгон.

Фейсбуктун колдонуучусу Азамат Советник аэропорттон тасма жүктөгөн. Анын айтымында, кыргызстандыктар аэропорттон чет өлкөгө учкан терминалдардын жабылганына байлыныштуу куулган. Бирок кыргыз мигранттары үйлөрүнө тарабай аэропорттун жанында турушкан.

Аалам тар болсо да, кыргыздар бар бактым бар. Элчиликке Гулбарчын Байымбетова эжекебизге, Аскат Алиев байкебизге, Акбар Маразыков агабызга жөн эле эмес чын жүрөктөн ыраазычылык. Акбар байкебиз мага чалып- Аза Шереметоводон биздин жарандарды чыгарып салыптыр, тоңуп калбасын барып келели дегенден, макул деп бардым. Барсам чындап эшикте экен. Аңгыча Аскат Алиев байкебиз келди 3 чоң маршрутка айдатып. Туугандар тоңуп каласыңар жүргүлө кеттик, самолёт болбойт десе. Түркүн түстүү нерселерди айтып кетти ал жактагылар. Мен таң калдым. Менин нервим чыдабайт экен ))). Алыс жерге барып туруп алдым. Бир убакта тигилер чыкты бизди силер кууп чыккыла деп айтып куудурдуңар деп. Болбосо терминал D,F баарын аэропорт такыр жаап салган. Бир кана ич ара учкан терминал B иштеп жаткан экен. Биздикилер В келип ТӨШӨК салып нык жайгашкан экен 2 күндөн бери. Анан мындай болбойт десе керек админдери. Анан эшике чыгарып койгон экен. Эшик суук боюнда бар эжекелер жүрөт. Бери жагы бир эле теманы 100 жолу кайталадык. Самолёт учпайт деп. Алардын аргументтери Учпаса биз эмне кылабыз Эмнеге учпайт учуп барды го 17 киши Депутат Момбеков айтты эртең сүйлөшөм деп. Билеттер күйүп кетеби.Мамлекет эмнеге бизди укпайт Президент эмнеге самолёт жибербейт Өз элин эмнеге карабайт Биз бул жактан кетип калсак бизди укпайт мамлекет Посолство эмнеге жардам берип бир самолёт жибере албайт. Силер туура эмес маалымат берип жатасыңар.Мен шак эле айттым жүргүлө ким барат кеттик барбагандар күтө бергиле деп. Аңгыча болбой бирөө чыкты, силердин хостелиңердин кереги жок бизди ичине жашаганга сүйлөшүп бергиле деп. Аскат Алиев ага да макул болуп. Алардын полковнигин чакырып сүйлөшсө. Ал айтты ээй болбойт бул жакта ушунча киши турган. Баарына жугат, анан баарыбызга жугат оору. 3 кишиден ашык турбаш керек деди. Макул биз түшүндүк ошону бир элге чыгып өзүң айтып койчу десек. Ал макул болуп элге чыгып айтса. Алар тиги менен урушуп кетти. Биздин билет бар кандай акың бар кууганга, биз да билебиз өзүбүздүн укукту деп. Анын кайра бизге асылды силер ичинен сүйлөшүп койдуңар кеткиле деп айттырып деп. Мен болбой калдым. Туура эле кылыптыр калашниковду көчөдө алып жүргөнгө улуксаат бербей дегенди ойлодум. Менин жүргүлө кеттик булар кетпейт десем. Акбар брат Аскат байкебиз. Кой ичинде 7 айлык боюнда бар айымдар бар экен ошолорду алып кетели. Бүгүн түнү бул суукта бойунан түшүп калат деп суранып атып араң алып кеттик. Бекер жатакана бекер тамак бар жерге. Бир четинен нерв болсом, экинчи жагынан. Байкелерге ыраазы болдум, чын жүрөктөн ыраазычылык. Элчиге Аскат Алиев, Акбар Маразыков жана элчиликтен келген жигиттерге. Анан мага)) таш паш менен эч кимди уруп жибербеген үчүн ))

Posted by Азамат Советник on Thursday, April 9, 2020
Видео: Азамат Советник

Кийинчерээк ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев элчиликтин кызматкерлери менен биргеликте Шереметьево аэропортуна үч кичи автобус менен келип, кыргызстандыктарга аба ырайы суук болуп жатканын айтышып хостелге алып кетүүнү сунушташкан. Ошондой эле коронавируска байланыштуу Орусияда киргизилген чаралар тууралуу эскертишкен.

«Мыйзамда так жазылып турат бештен ашык киши чогулбасын, бир жерге топтошпогула. Оору жугузууга жана өзүңөргө жугузуп алууга коркунуч бар деген мыйзам чыгарып жатат. [...] Өзүңөрдү ойлосоңор. Ооруп калсаңар ооруканаларда бош орун жок азыр», — деп Алиевдин түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

Ал эми айрым жарандар аларга депутаттардын бири учак маселесин чечип берүүнү убада кылганын айтышууда дейт тасманын автору. Аягында айрым кыргызстандыктар аэропортто калууну чечишкен, кээ бирлери кичи автобуска отуруп элчилик сунуштаган жатакананы көздөй жөнөгөн.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова учурда 80ден ашуун жаран жатаканаларга жайгаштырылганын билдирди. Байымбетованын айтымында, элчиликтин алдында түзүлгөн штаб мигранттарды тамак-аш менен камсыз кылып жатат.

«Учурда рейстер жоктугунан аэропортто күтүп турган кыргызстаныктардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди Байымбетова.

Басма сөз катчысы кошумчалагандай, 17-марттан 29-мартка чейин Орусиядан мекенине 6 миңден ашуун кыргызстандык жиберилген. Ал эми 29-марттан кийин Екатеринбургдан болгону 17 кыргызстандык мекенине кайткан. Жакынкы каттам качан болоору белгисиз бойдон калууда.

Орусияда 10-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 11 917ге жетти — алардын 6698и Москва шаарында. Аталган өлкөдө 25-марттан 5-апрелге чейин дем алыш күнү деп жарыяланган. Бирок ал кийинчерээк 30-апрелге чейин узартылган. Ал эми авиакаттамдар 27-марттан тарта токтотулган.