«Клооп» алгачкы материалдагы дезинформация үчүн кечирим сурайт. Анда, Кыргызстан тууралуу макаланы жарыялаган кытайлык сайт Кытайдын бийлиги менен кызматташат деп айтылган. Бирок, Toutiao — бул мобилдик маалыматтык платформа, ал эми Кыргызстан тууралуу макала ар кайсы колдонуучулар тарабынан бир нече жолу жарыяланып келген жана Кытайдын расмий позициясына тиешеси жок. Макала анонимдүү автор тарабынан жарыяланган.
Кытайдын toutiao.com сайтында Кыргызстан тууралуу макала жарыяланды. Анда Кыргызстан байыртадан эле Кытайга таандык болгон деп айтылган.
Казакстандык блоггер жана активист Серикжан Билаш материалдагы ар бир сөздү казакчага которуп, видео чыгарган. Кытай макаласынын мазмуну мындайча: «Кыргызстан эркиндик алгандан кийин эмне үчүн Кытайдын карамагына кайткан жок?»
Макалада Кыргызстан Хан династиясынын убагынан тарта миң жыл бою Кытайдын аймагына кирчү, бирок Орус империясы бул жерлерди басып алган деп айтылат.
«1864-жылы Орус империясы кубатын жоготуп койгон Цин императорун түндүк-батышындагы 440 миң чарчы чакырым аяттан баш тартууга аргасыз кылган. [...] Жалпы-жонунан Кытай 510 миң чарчы чакырым жеринен айрылган. Ошондо бүт Кыргызстан мына ошол аймактын ичинде турат. Кыргызстан Монголия сыяктуу эле байыртадан бери Кытайдын аймагы», — деп которгон блоггер макаланы.
Кытай басылмасынын материалында кыргыздардын жерлери Кытайдын карамагында болуп турганда алардын баары бай болушчу деп да айтылат.
«Азыр дүйнөдөгү эң кедей өлкө. ИДПсын жан башына бөлгөндө 1000 доллардан гана тиет», — деп айтылат материалда.
Материал жарык көрөөр алдында Кыргызстандын ТИМи бул макала боюнча позициясын билдирген комментарий берген жок.
Кыргызстан жөнүндө макаласы жарык көргөн Кытайдын tuotiao.com басылмасынын кеңсени Пекинде жайгашкан. Басылма Кытай бийлиги менен түзмө-түз кызматташат. Анын окурмандарынын саны болжолдуу 750 млн адамды түзөт.
Кыргызстан жана Кытай
Кыргызстан Кытайга чектеш жайгашып, ошол эле учурда Кытайдын «Эксимбанк» мамлекеттик банкынан 1,7 млрд доллар насыя алган. Бул сумма өлкөнүн тышкы карызынын 43% көбүн түзөт.
Американын Center for Global Development аналитикалык борборунун изилдөөчүлөрү карыздын өлчөмүнөн улам Кыргызстанды Кытайдын алдында «каржылык жактан көз каранды» деп аташкан.
Насыялардын бири — 386 млн доллар Бишкек ЖЭБин жаңыртуу үчүн алынган. Бул долбоордо коррупция аныкталып, жогорку кызматтагы бир нече экс-аткаминерлер бул иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жатышат. Кыргызстан Кытайга 492,4 млн доллар кайтарып бериши керек.
Кыргыз өкмөтү менен «Эксимбанктын» ортосундагы келишимдик макулдашууда мындай пункт бар: эгер өлкө пайыздарды же кредитти жаба албаса, анда Кытай эл аралык арбитражда каалаган активди талап кыла алат.
Макулдашуу боюнча, кредитке байланыштуу бардык талаш-тартыштар Кытайда жайгашкан Гонконгдогу эл аралык арбитраждык борбордо чечилет.
Өлкөдөгү коронавирустун пандемиясынан улам президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга карызды төлөө мөөнөөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн суранып кайрылган.
Редакторлору: Анна Капушенко, Айжамал Джаманкулова.