Президент Сооронбай Жээнбеков 17-апрелде айдын башында кызматына киришкен жаңы вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен жолугушту. Жолугушууда коронавирустун жайылышын болтурбоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, медицина кызматкерлерин жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча маселелер козголду.

Жээнбеков адистердин талдоосуна таянып, өлкө жакынкы арада инфекцияга чалдыгуунун эң жогорку «чегине» жетээрин белгиледи. Ал оорулууларды дарылоодо коронавирус инфекциясын жугузуп албоо тобокелдигин азайтуу үчүн медкызматкерлерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздап, алардын эмгек акыларын жана кошумча берилүүчү төлөмдөрдү өз маалында берүү керектигин белгиледи.

17-апрелге карата, вирус жуктуруп алган медиктердин саны 116га жетти. Исмаилова билдиргендей, алардын ичинен ичинен 36сы врач, калганы кичи жана орто медициналык персонал жана башка кызматкерлер.

Анын айтымында, бардык тийиштүү кошумча төлөмдөр медиктерге өз убагында төлөнүп берилет. «Бул максатта 38,5 миллион сом бөлүнүп берилген, апрель айында 132 миллион сом бөлүп берүү пландалууда», — деп билдирди вице-премьер-министр.

Ошондой эле, Исмаилова жакынкы күндөрү коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Кытай менен Польшадан медицина адистеринин келиши күтүлүп жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, президент вируска байланыштуу учурдагы кырдаал, гуманитардык жардамдын жана жарандар менен уюмдардан атайын эсепке түшүп жаткан каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү боюнча толук жана ачык-айкын маалымат берүү зарылдыгына токтолду.

«Жардамга муктаж бир да адам тийиштүү жардамсыз калбашы керек», — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал арада эмне болуп жатат?

Бийлик инфекцияга чалдыккан медиктерге кенемте төлөп берүүнү убадалаган — вирус жуктуруу учуруна 200 миң сом, каза табуу учуруна бир миллион сом. Анткен менен бийлик медиктердин арасындагы коронавирус жуктуруу жагдайларынын бардыгын текшерүүнү көздөйт. Ошол эле маалда медиктер коргоочу каражаттардын сапатынын начардыгына арызданышкан, андан кийин аларды туура эмес маалымат бердик деп айттырып, кечирим суратышкан. Коргоочу каражаттардын жетишсиздиги, алардын сапатынын начардыгы же жетекчиликтин аталган каражаттарды коромжу кылганы тууралуу өлкөнүн ар башка аймактарындагы медиктер айтып чыгышкан.

Медиктерге кысым көрсөтүүлөр жана алардын кечирим сурагандары депуттаттардын көңүлүн бурдурган. Алар Башкы прокуратурадан УКМК жана укук коргоо органдарынын медкызматкерлерге кысым көрсөтүп-көрсөтпөгөнүн текшерүүнү, ошондой эле кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылышкан.

Мындан тышкары, депутаттар ӨА жана ӨК учурунда медкызматкерлердин укуктарын күчөтүүнү сунушташкан. Мисалы, ал жакта мындай пункт бар — кокус медицина кызматкери каза тапкан учурда, анын үй-бүлөсүнө акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык акча өлчөмүндөгү камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилиши керек.

17-апрелге карата, коронавирус жуктуруунун 489 учуру катталган. Алардын 370и ооруканаларда дарыланууда, 114 адам айыгып ооруканадан чыгарылган, дагы бешөө каза тапкан.