Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-апрелдеги брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 48 учуру катталганын маалымдады. Ошондой эле акыркы суткада дагы 3 киши айыгып ооруканадан чыгарылганы айтылды.

Өпкө илдетин жуктургандардын арасынан Нарын облусунда 11, Ош облусунда 7, Ош шаарында 9 адам, Чүйдө 2, Жалал-Абадда 9, Баткенде бир, Бишкекте 9 адам коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен COVID-19 вирусун жуктуруп алган жарандардын саны 554гө жетти — анын 134ү медицина кызматкери. Инфекциялык ооруну шарттаган илдеттен беш киши каза таап, 133 киши айыкты. Ал эми ооруканада 416 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен он алды адамдын абалы оор — тогуз байтап оорукананын жандандыруу бөлүмүнө калууда.

Ооруга чалдыккандардын 301и аял, 253ү эркек. Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 102, Ош облусунда – 147, Ош шаарында – 83, Чүй облусунда – 30, Бишкек шаарында – 111, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 67, Ысык-Көл облусунда – 8.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7 877и түздү — алардын 1769у ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү, калгандары байланышта болгон адамдар. Обсервацияда 1000ден ашуун адам жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.