Ар бир каалоочу жеке лабораторияда коронавируска анализ тапшыра алат — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, жакынкы эки күндө ар бир каалоочу жеке лабораторияда коронавирус инфекциясына анализ тапшыра алат.

«Бүгүнкү күндө Бонецкий лабораториялар тармагы Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун базасында Мамлаборатория менен биргеликте лаборатория уюштурду. Жакынкы күндөрү ал жакка кайрылып, ПЧР-тесттин тапшырса болот», — деп билдирди Үсөнбаев.

Анын айтымында, тесттин баасы болжол менен 2000 сомду түзөт.

Үсөнбаев өлкөдө коронавирусту аныктай ала турган ПЧР тесттер жетиштүү деп кошумчалады.

«Кошумча сатып алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнү запаста 40 миң ПЧР тест-системалары бар», — деди Үсөнбаев.

17-апрелде, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19га 6,5 миңден ашуу изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга 64 ПЧР тест-системаны берген. Бул ДССУдан гуманитардык жардам катары келип жаткан үчүнчү партия болуп саналат. Февраль жана март айларында Кыргызстанга 2600 тест топтому алынып келинген.

ДССУ COVID-19 вирустук инфекциясын аныктоодо бул эң эле так жана ишенимдүү ыкма экенин белгилейт. Ал ооруну эрте аныктоого жардам берет.

20-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус 568 адамда аныкталып, алардын ичинен жетөөсү каза тапты. Мындан тышкары, инфекция жуктургандардын 140 — медкызматкерлер.

Кыргызстанда пандемия маалында жалпысынан бул инфекциядан 201 адам айыккан.