ИИМдин ички иликтөө кызматынын 12 кызматкери обсервацияга жөнөтүлдү

ИИМден 24.kg басылмасына ИИМдин ички иликтөө кызматынын 12 кызматкери обсервацияга жөнөтүлгөнүн кабарлашты. ИИМдин маалыматы боюнча, алар обсервация курсунан өтүшү керек, себеп дегенде «алдыңкы катарда» иштешкен.

Ошол эле кезде ИИМ бардыгынан анализ алынып, биринчи тест коронавирустун терс жыйынтыгын көрсөткөнүн белгиледи.

Өлкөдө 21-апрелге карата коронавирус жуктуруу учурларынын саны 590го жетти.

Жуктургандардын көбү Ош облусунда аныкталган — 150, андан кийинки орунда Бишкек турат — 123 адам. Ал эми Жалал-Абад облусунда инфекцияга 105 адам чалдыккан.

Жуктуруу учурларын эң азы Ысык-Көл жана Баткен облустарында катталган — сегиз жана алты учур.