Кыргыз эл артисти, кыргыз-казак элине таанымал төкмө акын Элмирбек Иманалиев каза тапты. Ак таңдай акын 42 жашта болгон. Анын жакындары Иманалиев кант диабети менен ооруп жүргөнүн жана ооруканада көз жумганын кабарлашты. Иманалиевдин артында жубайы, үч кызы жана үч уулу калды.
Суук кабарды 20-апрелден 21-апрелге караган түнү социалдык тармактарда маркумдун чыгармачыл чөйрөсүндөгү кесиптештери, достору кабарлашты. 20-апрелдин таңында Иманалиевдин күйө баласы, алып баруучу Мирзат Муканов тастыктады. Ал төкмө акындын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюларын айтты.
«Бардыгына жооп берип жетише албайт экем. Эртең саат 9:30да Тунгучта митинг, 10:30да чыгарылат. Ала-Арчага коюлат. Бирок, бул чакыруу эмес. Аз киши болсун деп жатышат, туура түшүнөбүз», — деп жазды Муканов фейсбуктагы баракчасына.
Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. 14 жашынан баштап колуна комуз алып, республикалык жана эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды алып келген. Иманалиев «Айтыш» коомдук фондунда шакирттерди тарбиялап жаткан жана Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген.
Ал эл оозуна алынып ырдалган «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» аттуу чыгармалардын ээси.
Элмирбек Иманалиев Казакстанда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына каратa өткөрүлгөн эл аралык айтышта баш байгенин ээси болгон. Анда шаңшыта төгүп, ар бир акын менен айтышканда ар башка обонго салып ырдаган.
Анын чыгармачылык жолуна белигилүү төкмө акын Тууганбай Абдиев чоң себепчи экендигин Иманалиев Назира Айтбекова менен болгон маегинде баяндаган эле.
«Тууганбай Абдиевдин бир тууган иниси Койчубай аксакал мени Нооруз майрамында эл менен саламдашып төгүп ырдап атканымы көрүп агасына айткан экен. Агасы “кандай ырдайт экен?” деп сураганда “Эшмамбет ырчынын чөбөрө жээни экен, ушу силердей эле ырдап жатат” деген экен. Мен ошол сөзгө эмгиче сыймыктанып келем», — деген Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев «Азаттык» басылмасына курган маегинде «Мен өзүмдүн ким экенимди чынында таба элекмин» дегени бар: «Негизи адам өзүнүн жан дүйнөсүн ар кыл нерселерден издей берет экен. Мен өзүмдөгү бир нерсени так билем: көкүрөгүмдө толуп турган кандайдыр бир бук бар. Ал менде дайыма жашап келет. Менимче өлгөндө кошо кетет го дейм».
Элмирбекти эскерүү
Манасчы Рысбай Исаков:
Жаштыктын жалын күчү ошол белем. Элмирбек экөөбүз 3 күн, 3 түн уктабай, жатакана кыдырып, не бир сонун сөздөрдү сүйлөштүк илгери. Боюндагы өнөрүнүн канчасы ачыла элек эле... Акыркы жылдары көр тиричиликтин көйгөйү менен көрүшпөй да калдык. Сен жөнүндө укмуш түш көрдүм деп айтты эле соңку кездешкенде. Түш чындап эле укмуш экен. Батадан кездешкенбиз. Чыкканда көрүшпөй калдык. Дагы бир жолукканда түш акысы деген шылтоо менен бир сырдашсак деген ой бар эле...
Ырчы Түмөнбай Колдошов (эскерүүнүн тексти кыскартылды):
Төкмө жана жазма акындар, манасчылар, актёрлор, ырчылар деги өнөр адамдары арабыздан залкарыбыз узап баратат. Жылдыздуулар, үндүүлөр, комузчулар, манасчылар, ырчылар, обончулар көп. А бирок ушунча өнөрдүн баарынын башы бир адамда бириккени сейрек болот эле. Мындай төгөрөгү төп келгендер кыргызда чанда болчу…
Акын Элмира Ажыканова:
Эрте жашыңда ырдап чыгып, эл-журтка эрте таанылып, эрте үйлөнүп, эрте атак-даңкка жетип, Кыргыз эл артисти деген наамды эрте алып анан эрте кете бердиң... Көрсө шашкан турбайсыңбы?! Аттиң, аттиң... Арман дүйнө...
КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Кубат Болотканов (эскерүүнүн тексти кыскартылды):
...Сендей болчу байыркы манасчылар. Манастагы обондордун кереметин сездирдин эле го. Алп дүйнөгө аралашып, алышып кетээр элең. Комузду кооз черттин. Үн жеткире албаган жерди комуз менен, комуздагы добуш менен жеткирчүсүң. Үнүңдө муң бар болчу. Муңканып турчу. Терең элең, кайраным... Кенен элең. Эч нерсени кенебеген айкөл болчусуң. Кыргыз деген ким десе, сени көрсөткүм келчү.
Төкмө акын Идирис Айтбаев (эскерүү ырдын саптары кыскартылды):
Шум кабар уктум өзүмө батпай,
Шуулдап жашым көзүмө батпай…
Устаттын биринен айрылып калдык,
Кага албай канат кайрылып калдык…
Акын Шайлообек Дүйшеев:
Элмирбек, сен элиңдин туусун кѳтѳргѳн эр азаматыбыз элең. Сен ѳлгѳн жоксуң. Сенин экинчи ѳмүрүң элиң менен түбѳлүк жашай берет! Кош боорум!
Туйгуну элең асылдын,
Тулпары элең акындын.
Бутасы элең жылдыздын,
Булбулу элең кыргыздын!..
Кагылайын, Элмирбек!?
Төкмө акындын элеси анын ырларында, аны уккан ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашай берет! «Клооптун» редакциясы Элмирбек Иманалиевдин жубайына, балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!