Эл аралык «Аль-Жазира» телеканалы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин карама-каршы ишмердиги тууралуу сюжет чыгарды. Сюжет УКМКнын коронавирус жана врачтар үчүн коргоочу каражаттардын жетишсиздиги жөнүндө жалган маалымат таратышкан деп жарандар менен врачтардан мажбурлап кечирим сураткан аракетине байланыштуу.

Сюжет жаш дарыгер Бектур Апышевдин окуясынан башталат. Ал «COVID-19 тууралуу айтпастан чиркей өтүп кете турган» сапаты начар марли маскасы жөнүндө твит жарыялаган. Кийинчерээк твит өчүрүлүп, андан соң соцтармакта Апышевдин медиктер үчүн коргоочу каражаттары тууралуу жалган маалымат тараттым деп кечирим суроого аргасыз болгон видеосу пайда болгон.

Дагы бир врач жумушка велосипед тээп, ал эми башка медиктер санитардык эрежелерди бузуп өкмөт тараптан берилген автобуста тыгылышып жумушка барууга аргасыз.

Ушундай иш шарттарына карабастан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети врачтар менен жарандарды өлкөдөгү коронавирус жана карантин тууралуу маалымат үчүн кечирим сураттырып жатат.

«УКМКнын сайты жалган маалымат тараткан адамдарга арналган, бирок бир факт талашсыз — вирус жуктуруунун аныкталган учурларынын 25% медкызматкерлерге таандык», — деп айтылат сюжетте.

Тек гана Бектур Апышевдин окуясынан кийин бийлик медиктерге болгон кысым көрсөтүүгө жана алар үчүн коргоо каражаттарынын жетишсиздигине көңүл бурду.

Депутат Дастан Бекешев билдиргендей, медиктерге карата коргоону күчөтүүгө УКМКнын ишмердиги себеп болгон. Ошол себептен депутат медицина адистеринин макамын бекемдеп, аларга болгон кысымды чектей турган түзөтүүлөрдү сунуштаган. Ошондой эле, анын айтмында, медперсонал ооруканаларда кантип вирус жуктуруп алганын аныкташ керек жана эгер бул коргоо каражаттардын жетишсиздигинен улам болсо, анда дал ушул жагдай кылмыш болуп эсептелет.

Ушул эле учурда өкмөт медперсоналды баатырлар деп атап, аларды коргоону убада кылууда.

«Клооп» юристтер менен катар эле УКМКнын адамдарды жалган маалымат таратканы үчүн кармап, кечирим сураттырууга укугу жок деп бир нече жолу жазып келген.

Мыйзамгы ылайык, жалган маалымат таратуу үчүн чындыгында айыппул каралган, бирок ал жерде өзгөчө абал режими жарыяланган аймакта маалымат «коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын бузса» деген шарт бар. Дагы бир маанилүү жери: мыйзам боюнча, ушул сыяктуу бузууларды УКМКнын кызматкерлери эмес, ИИМ карашы керек.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК «билип туруп жалган билдирүү жасоо» үчүн адамдарды кармап, аларды адаштырып жатат