Коронавирус жуктурган дагы 48 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Өткөн сутка ичинде коронавирустан дагы 48 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 23-апрелдеги брифингде билдирди.

Өпкө илдетинен айыккандардын ичинен эң көбү Ош шаарында катталды — 25. Бишкек шаарында 14, Ош облусунда жети жана Нарын облусунда эки бейтап ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 302ге жетти — алардын 45и медкызматкер.

23-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19дун жалпысынан 631 учуру катталган. Ооруканаларда 321 адам калууда — алардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми илдеттен каза тапкандардын саны сегизге жетти.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокаттык дарыгерлер коронавирус жуктурган бейтаптын өмүрү үчүн 32 күн күрөшүштү