Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

20-апрель күнү өлкөнүн ооруканаларынан COVID-19дан айыккан 15 бейтап чыгарылган — алардын төртөөсү Ош облусунун тургундары. Алардын арасында оор абалда болгон бейтап да айыккан. Ноокат аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Дилшод Мамажанов медиктер бул бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн 32 күн күрөшүшкөнүн айтууда.

«Бейтап бизге оор абалда түшкөн. Дем алышы кыйындап калган экен, дене табы жогору болуп, жөтөлүп турган. Ошондой эле дем алууда абанын жетишсиздиги байкалган», — дейт Мамажанов.

Бейтаптын дарылоосу төрт этаптан турган. Биринчи этапта оксигенотерапиядан өткөрүлгөн, мында деген бейтапты кислород менен камсыздоо керек болгон. Бул үчүн оорулуу кислород концентраторуна уланган. Бирок бир эле концентратор жетиштсиз болуп, жалпысынан бейтаптын абалын жакшыртыш үчүн алтоо керектелген.

Бейтаптын өпкөсү «дем алып алгандан» кийин ал суюк кислород бочкаларына уланган. Мамажановдун айтымында, бочкалар бир мүнөттө 30 литрге чукул суюк кислород агымын бере алат. Экинчи этаптан кийин динамика оңолгон.

Үчүнчү этап «кенен спектрде таасир этүүчү антибиотикотерапиядан» турган. Антибиотик менен дарылоо этабында бейтаптын организминин ар бир кыймылы инфекционисттердин көзөмөлүндө болгон, себеби аталган дарыны кабыл алуу «грибок инфекциясын» шартташы мүмкүн эле.

«Оорунун күчөп кеткенине байланыштуу бейтаптын өтө маанилүү органдары — боору, бөйрөктөрү — иштебей баштаган. Дене басымы көтөрүлгөн» , — деп айтып берди жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси.

Кийинки этапта «вируска каршы терапия» деп аталат. Мында антибиотиктер колдонулган. Бейтаптын абалы начарлап кеткенинен, дарыгерлер аны жасалма дем алдыруу аппаратына туташтыруу чечимин кабыл алышкан.

«Бирок биздин адистерибиздин профессионализминен бул кадамга жетпеди. Биз аны сактап калдык! Бирок ар бир мүнөттө жоготуп алуу коркунучу болгон. Мындан кийин бейтаптын абалы кескин жакшырган. Биз күн сайын кислородду берүү көлөмүн азайтууну уланттып аттык», — дейт Мамажанов.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Ооруканадан чыгарылган бейтапка «кислороддук оксигенатор» алынып берилди. Эми ал үйүндө керектүү манипуляцияларды жасай алат. Учурда ал 14 күндүк үй карантининде.

Ноокат районунда коронавирусту жуктуруп алган биринчи үч адам 20-мартта аныкталган. Үч аял тең Сауд Арабиядан келишкен. Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру Жалал-Абаддын Сузак районунда катталган болчу — бул бейтаптар да кичи ажылыктан келишкен.

Өлкө боюнча Жалал-Абад бир канча күн коронавирус эң көп катталган аймак болуп турду. Бирок акыркы бир жумадан бери аталган илдетке чалдыккандар Ош облусунда кескин көбөйүп кетти. Андан кийин Бишкек шаарында оорулуулардын саны көп болууда.

Ал эми Ноокатта облус боюнча коронавирус эң көп катталды. Абалы оор бейтаптар да көп болду. Ошондой эле өлкө боюнча жети киши каза тапса, анын үчөө Ноокат районунда кайтыш болушту.

22-апрелге карата 612 бейтаптын ичинен 254ү коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Ооруканада 351 адам калууда, алардын он экиси оор абалда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Коронавирус жуктургандардын айрымдарын үйүнө чыгарууга даярдап жатабыз»