Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 23-апрелдеги брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 19 учуру катталганын маалымдады — алардын бешөө медкызматкер.

Өпкө илдетине Бишкек шаарында сегиз, Ош облусунда үч, Чүй облусунда жана Ош шаарында төрттөн адам чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 631ге жетти — анын 162си медкызматкер. Эң көп коронавирус Ош облусунда катталы — 154 учур. Ал эми Ош шаарында илдетке 101 адам чалдыкты. Бишкек шаарында коронавирус 141 адамда аныкталды.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 109 киши аталган ооруну жуктуруп алды. Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатат — 74 учур. Чүй облусунда болсо 38 адамдан COVID-19 табылды. Ысык-Көл облусунда 8 жана Баткен облусунда 6 учур катталды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 8842ни түздү — алардын 2177си ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү, калгандары байланышта болгон адамдар.

Ал эми инфекциялык ооруну шарттаган илдеттен сегиз киши каза таап 302 бейтап айыкты. Ооруканаларда бүгүнкү күндө 321 адам жатат — алардын он бири оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 5 бейтап которулган — алардын ичинде бир милиция кызматкери да бар. Өлкө боюнча обсервацияда 914 адам жатат.

Ошондой эле 23-апрелге чейин жалпысынан 40 513 адамдан анализ алынган. Алардын 39 615инин жыйынтыгы чыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.