12 милиционерде коронавирус аныкталды, алардын бирөөсү реанимацияда

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «күч түзүмдөрүнүн» 12 кызматкеринде коронавирус аныкталганын кабарлады. Ал буга чейин 21-апрелде обсервацияга жөнөтүлгөн ИИМдин ички иликтөө кызматынын 12 милиционери тууралуу айткысы келсе керек.

«Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери COVID-19 вирусун жуктуруп алган, алардын ичинен бирөөсү кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деди Үсөнбаев. Анын айтымында, милиционерлер инфекциясы бар адамдар менен байланышта болгон.

Алар «алдыңкы катарда» иштешкендиктен, ИИМ кызматкерлерин обсервацияга жөнөткөн. Милиционерлер жумуш учурунда вирус жуктуруп алганы үчүн компенсация алышабы же жокпу азырынча белгисиз.

Өлкөдө 22-апрелге карата коронавирус жуктуруу учурларынын саны 612ге жетти — бул каза тапкан жети адам менен айыккан 254 адамды кошкондогу көрсөткүч. Ооруканаларда 351 адам калууда, беш адам реанимацияда.

Милиционерлерден тышкары жумуш учурунда көптөгөн медиктер да коронавирус жуктурушкан — учурда жуктуруунун 157 учуру жөнүндө белгилүү. Медиктерге коронавирусту жуктуруп алышканы үчүн 200 миң сом жана каза тапкан учурда миллион сом кенемте берилиши керек. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги медкызматкерлер эмне болуп жуктурушканын текшерүүнү көздөйт.

Инфекциясы бар адамдар менен иштешкени үчүн медиктер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча акы төлөнүшү керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги мурдараак атайын документте билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги 8-апрелде эле «бир-эки күн ичинде» март айы үчүн кошумча акы төлөнүп берилээрин убадалаган, бирок ал дарыгерлерде эмдигиче төлөнүп бериле элек. Ведомство 1369 медкызматкерге гана төлөнгөнү тууралуу отчёт берген. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча акы төлөнүп-төлөнбөгөнү тууралуу билүү мүмкүн болгон жок.