Парламенттин депутаты Исхак Масалиев президент Сооронбай Жээнбековдун эл алдында беткапсыз жүргөнүнө байланыштуу пикирин айтты, анткен менен өлкөдөгү карантин режими жана санитардык нормалар беткап тагынып жүрүүнү талап кылат. Ал эле эмес жарандарды көчөдө беткапсыз жүрүү үчүн штраф салабыз деп да коркутушкан.


«Эрежелерди бузуу боюнча — Кыргыз Республикасынын президенти айланасындагылардын бардыгы беткап кийип жүргөндө өзү беткапсыз жүргөнү мени да кыжырдантат. Балким, анын жардамчыларына, эгер биз ар бир жарандан беткап кийүүнү талап кылсак, анда бул президентке да тиешелүү экенин айтып коюушубуз керек окшойт. Бул кичинекей деталь. Мыйзам бардыгына бир болушу керек», — деп билдирген Масалиев «Кактуска» курган маегинде.


Президент жана беткаптар

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнөн тышкары расмий иш-чаралардын башка катышуучулары беткап тагынып жүрүшсө да беткап тагынбайт.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер 21-апрелде жолугуушулардын баарына медициналык беткап кийбестен барып жүргөн президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү менен твит чыгарган. Анткен менен коронавирустун пандемиясынан улам врачтар бардыгына беткап кийүүнү сунуштаган.

«Урматтуу Бишкек шаарынын комендатурасы. Сизди 1958-ж. туулган Жээнбеков С. Ш. аттуу жаранга карата чара көрүүңүздү өтүнөм, ал жумушта да, коомдук жайларда да дайыма беткапсыз жүрөт. Ал кандай штраф төлөшү керек?» — деп жазган ал өзүнүн твиттеринде.

Твитке карата комментарийде комендатуранын барагы болушу ыктымал аккаунттан коомдук жайларда беткапсыз жүрүү үчүн физикалык жактарга 1000 сом, ал эми юридикалык жактарга 5000 сом штраф салынаары айтылган сүрөт жарыяланган.

Твиттердеги @commandantkg аккаунту буга чейин улам-улам комендатуранын жаңылыктарын жарыялап турган, бирок мындан кийин Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков твиттердеги баракча комендатурага тиешеси жок экендигин, ал эми беткапсыз жүрүү үчүн айып салынбай тургандыгын билдирген. Беткапсыз жүрүү үчүн штраф салынбай тургандыгын Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев да айткан, бирок республикалык штаб буга чейин айыппул салынат деп билдирип келген.

Мындан соң твиттердеги @commandantkg аккаунту өчүрүлгөн, ал эми колдонуучулардын бири президетке штраф салуу боюнча твит тууралуу кат жазышууларын жарыялаган.