Көчөдө беткапсыз жүрүү үчүн сизге айып салса болобу же болбойбу? Президенттин мисалында түшүндүрөбүз

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Эмне болду?

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер 21-апрелде жолугуушулардын баарына медициналык беткап кийбестен барып жүргөн президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү менен твит чыгарган. Анткен менен коронавирустун пандемиясынан улам врачтар бардыгына беткап кийүүнү сунуштаган.

«Урматтуу Бишкек шаарынын комендатурасы. Сизди 1958-ж. туулган Жээнбеков С. Ш. аттуу жаранга карата чара көрүүңүздү өтүнөм, ал жумушта да, коомдук жайларда да дайыма беткапсыз жүрөт. Ал кандай штраф төлөшү керек?» — деп жазган ал өзүнүн твиттеринде.

Твитке карата комментарийде республикалык штабдын барагы болушу ыктымал аккаунттан коомдук жайларда беткапсыз жүрүү үчүн физикалык жактарга 1000 сом, ал эми юридикалык жактарга 5000 сом штраф салынаары айтылган сүрөт жарыяланган.

Бирок, Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков твиттерде «коомдук жайларда беткапсыз жүрүү үчүн эч кандай штраф каралган эмес» деп жазган.

Натыйжада бардыгынын башы адашып, милиционерлер көчөдө беткапсыз жүрүү үчүн айыпка жыга алабы же жогун түшүнбөй калышты.

Беткапсыз жүрүү үчүн айыппул салынаары тууралуу маалымат кайдан келип чыкты?

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 31-мартта жаңы чектөөлөрдү жана айыппулдарды киргизген, алардын арасында көчөдө беткапсыз жүрүү үчүн каралган жаза да бар болчу.

Бул тууралуу кеңири текст ошол эле күнү өкмөттүн расмий сайтында да жарык көргөн.

Өкмөттүн расмий сайтынан алынган скриншот.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын телеграм каналы да бул маалыматты таркатып, беткап тагынбай жүрүү үчүн кандай штраф каралганы тууралуу сүрөттү эмдигиче жарыялап жүрөт.

Демек президент беткапсыз жүргөнү үчүн айыпка жыгылышы керекпи ошондо?

Жок. Юстиция министрлигинин башчысы Марат Жаманкулов 1-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын беткап кийбөө үчүн штрафтар тууралуу суроосуна КР Жазык кодексинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу жөнүндө берене бар, бирок анда беткап жок үчүн жоопкерчилик каралбаган деп жооп берген.

Эгер парламент мындай жазаны жактырып, андан соң өкмөт өзүнчө токтом кабыл алгандан кийин гана мындай штраф күчүнө кирмек жана айыппулдун киргизилишине тек гана ошол токтом негиз болуп бермек.

Ушул эле күнү депутаттар ӨА жана ӨК режимдери маалында мыйзамдарды күчөтүү үчүн добуш беришкен, бирок анда беткапсыз жүрүү үчүн жаза тууралуу сөз болгон эмес.

Ал эми 7-апрелде болсо Бишкектин коменданты журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мыйзамда коомдук жайларда беткапсыз жүрүү үчүн штраф салууну шарттаган ченем жоктугун билдирген.

«Бирок, өзгөчө абал тууралуу ченемге, коменданттык саатты сактабоо, комендатуранын буйруктарын аткарбоого тийиштүү болгон талаптар бар. Урматтуу шаар тургундары, сиздерге дайыма кайрылып жатабыз. Гигиена нормаларын сактоого чакырып жатабыз. Ошондуктан өзүңүзгө жана башкаларга коркунуч жаратпашыңыз үчүн беткап тагыныш керек», — деген Орозалиев.