Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын дээрлик жарымы айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Өткөн сутка ичинде коронавирустан дагы 20 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-апрелдеги брифингде билдирди.

Өпкө илдетинен айыккандардын ичинен төртөө Бишкек шаарында, Ош шаарынан жана Жалал-Абад облусунан сегизден бейтап ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 322ге жетти — бул жалпы ооруга чалдыккандардын дээрлик жарымы. Коронавирустан арылгандардын 45и медкызматкер.

24-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19дун дагы 25 учуру катталды. Ооруканаларда 326 адам калууда — алардын бешөө оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми илдеттен каза тапкандардын саны сегизге жетти.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.