Бийлик №3 ҮМБнын тогуз врачы кантип COVID-19га чалдыкканын иликтейт — Бишкек

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Дмитрий Мотинов

Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) тогуз медигинде COVID-19 аныкталган. Поликлиника дезинфекцияланган, бирок азырынча ал карантинге жабыла элек.

Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова учурда медиктердин коронавируска чалдыгуусунун жагдайлары аныкталып жатат деп «Клоопко» билдирди.

«Азыркы учурда эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгында медиктер вирусту кантип жугузуп алганы белгилүү болот», — деп айтып берди Исмаилова.

Анын айтымында, инфекцияга чалдыккан медиктер бригаданын курамында иштешкен эмес, тагыраагы, коронавирусу бар адамдар менен байланышта болушкан эмес.

Бейтаптардын коопсуздугу үчүн алар №7 ҮМБге которулган. Поликлиникада бухгалтерия менен администрация эле иштеп жатат.

Анын айтымында, дезинфекция жүргүзүлгөндөн кийин, атайын түзүлгөн комиссия ҮМБны карантинге жабуу керектигин чечет.

«Борбор толугу менен санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери тарабынан тазаланды, байланышкандардын [жуктурган медиктердин] чөйрөсү аныкталды — алар үй карантининде. Акыркы чечимди чыгарып, корутунду бериш үчүн Санэпидемкөзөмөлдүн башкы врачы баш болуп, акимиат жана Шаардык саламаттык сактоо уюму кошулган комиссия түзүлдү. Анткен менен борбор иштөөгө даяр», — деди ал.

Коронавируска чалдыккан медиктер

Бишкекте поликлиникалардын дарыгерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар буга чейин да болгон — Бишкектин түштүк-батышындагы №7 ҮМБде сегиз адис вируска чалдыккан, мындан тышкары, үч медиктин үй-бүлөлөрүнүн 11 мүчөсү да инфекция жуктуруп алган.

№13 ҮМБда врачтардын бири коронавируска шектелген — ал жуктургандар менен байланышкан. Андан кийин поликлиника карантинге жабылган.

28-апрелге карата, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан медиктердин саны 185ке жетти. Алардын арасында дарыгерлер гана эмес, оорукана жана поликлиникалардын улук жана кенже медперсоналы, санэпидемиологдор да бар. Өлкөдө жалпысынан вируска чалдыккандардын саны 708 адамга жетти.

Кыргызстанда коронавирустун пандемиясы башталгандан бери медиктер жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздигин айтып даттанышкан. Медиктерге кысым көрсөтүлүп, аларды кечирим суроого мажбур кылышкан. Алардын арасында коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүп кеткенден кийин медиктердин талапка ылайык корголбой жаткан маселеси парламентте талкууланган.

Коронавирусту жумушунда жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация каралган. Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги компенсацияны төлөп берээрден мурда врачтар вирусту кайдан жуктуруп алганын жана алар эрежелерди сактап-сактабаганын текшерет.