№17 ҮМБнын үч медигинин үй-бүлөсүндө коронавирус аныкталды

24.kg сайты Бишкектеги №17 ҮМБнын башкы врачы Гүлшат Ташибековага таянып, поликлиниканын үч кызматкеринин туугандары да коронавирус жуктурганын билдирди.

Инфекция жуктуруп алган акыркы медайымдын жубайы, небереси жана бир тууганы да ооруга чалдыккан. Буга чейин ЖМКлар башка медиктин төрт үй-бүлө мүчөсү жуктурганы тууралуу кабарлашкан — анын үч баласы менен небереси ооруканага жаткырылган. Дагы бир дарыгердин үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсү вирус жугузуп алган, арасында кичинекей бала да бар.

Бишкектин түштүк-батышындагы № 17 Үй-бүлөлүк медицина борбору учурда толук кандуу иштеген жок — ал жакка башка поликлиникадан кезметчи врач жана медайым барууда, ал эми кызматкерлердин бардыгы обсервацияда. Коронавирус поликлиниканын сегиз кызматкеринен аныкталган.

ҮМБнын медиктеринин инфекция жуктуруусу

17-апрелде № 17 ҮМБ төрт кызматкерде коронавирус аныкталгандан кийин дезинфекцияга жабылганы белгилүү болгон. Ал учурда поликлиниканын башкы врачы Гүлшат Ташибекова санэпидемкөзөмөлдүн кызматкерлери коронавирус жуктуруп алганын уккан соң врачтарды текшерүүнү өзү таап кылганын кабарлаган. Анткени буга чейин Ташибекованын кол алдында иштеген кызматкерлер эпидемиологиялык мекеменин кызматкерлери менен кызматташышкан.

Ташибекова журналисттерге айтып бергендей, ал «ызы-чуу салып» жатып дарыгерлерди коронавируска текшерткен. Ал эми дезинфекция күнү аларды обсервацияга алышпаганын, бир топ убакыт күткөндөн кийин өз алдынча телефон чалып, медиктерди кайда алып барса болоорун сүйлөшүп, транспортировка тууралуу макулдашканын билдирген.

Мындан кийин республикалык штаб поликлиниканын медиктери «Ак Кеме» отелине обсервацияга жатуудан баш тартышканы жана аларды «Гарден» отелинде карантинге жаткыруу боюнча сүйлөшүүгө туура келди делген пост жарыялаган. Ошол эле күнү кечинде соцтармактарда ҮМБнын башкы врачын жаман көрсөтүү башталган — фейсбуктагы тайпаларга ар кандай маалыматтар жайгаштырылып, анын жардамы менен медиктин аброюна шек келтирүүгө аракет кылышкан.

22-апрелде Гүлшат Ташибекованы жана ҮМБнын кызматкерлерин Бишкектин мэри Азиз Суракматов жана депутат Наталья Никитенко колдоп чыгышкан — алар медиктерге алкыш айткан кат жолдоп, эмгектери үчүн ыраазычылык билдиришкен. Бул убакытта ҮМБнын сегиз кызматкери вируска чалдыкканы белгилүү болгон.