Оштогу балдар ооруканасынын онкология бөлүмүндө керектүү дарылар жок болуп жатат

Ош облустук балдар ооруканасы. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Улуттук онкология жана гематология борборуна химиопрепараттарды сатып алуу үчүн 160 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген. Каражаттын 60 миллиону балдардын онкология бөлүмдөрүнө керектүү дарыларды алуу үчүн жумшалаары айтылган.

Бирок «Жардам берүү оңой» коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Оштогу облусттар аралык балдар ооруканасынын онкология жана гематология бөлүмүнө акча каралбай калганын айтып чыкты. Ошол эле убакытта медициналык мекемеде аспарагиназ, цитозар, метотрексат, дактиномицин, тромбомасса жана башка керектүү дарылар жок болуп жатканын билдирди.

«Оштогу балдар онкология бөлүмү өзгөчө абал учурунда ыкчам бейтаптарды гана кабыл алууда. Себеп дегенде 3 дарыгердин экөө гана иштеп жатат [...] Тилекке каршы дарылар жоктугунан үч оорулуу балага “паллиативдик химиотерапия” дайындалды. Бул эмнени билдирет? Бул деген бир айдан кийин биздин өлкө үч жаш жандан айрылат. Себеби өкмөт дарылар менен камсыздоону ишке ашыра албай калды! Бул жаш балдардын ата-энесинин көзүнө караганы батынып көрүңүз», — деп фейсбукта жазган Аляева.

*Паллиативдик жардам (ред. — абалды убактылуу жеңилдетүүчү чара) бейтаптарга онкологиялык оору өрчүшүп кеткен учурда, химиялык препараттар жардам бербей калган учурда көрсөтүлөт. Бул учурда дарыгерлер оорунун белгилерин гана даарылайт. Мисалы, бейтаптын мурдунан кан агып кетсе, аны токтотуу үчүн дарылар берилет. Бир жери ооруса, ооруну басаңдатуучу укол жасалат. Дарыгерлер баланын өлүмүн жеңилдетиш үчүн ага кам көрүшөт.

Ош облусттук балдар ооруканасынын гематология жана онкология бөлүмүнүн жетекчиси Маматазиз Рахимов «Клоопко» Аляева атаган дарылар жоктугун жана мекемеде эки дарыгер иштеп жатканын тастыктады. Анын айтымында, оорукананын жетекчилиги дарыларды сатып алуу үчүн бир нече жолу тендер жарыялаган. Бирок ал дарыларды чет өлкөлөрдөн алып келүү кыйын болгондуктан тендерге эч бир компания катышкан эмес.

«Даарылар кымбат, аз өлчөмдө алып келүү кыйын жана башка өлкөлөрдөн келгенине байланыштуу алардын катталбаганы да маселе жаратууда», — деди Рахимов.

Жетекчи жаш балдарга паллиативдик жардам дарылар жоктугуна байланыштуу эмес, алардын ата-энелери химиотерапияны улантууга каршы болуп жаткандыктан жана алардын абалы оор болуп жаткандыктан дайындалганын айтты.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Оштогу ооруканага каражат бөлүнбөй турганы айтылган маалыматты чындыкка дал келбейт деп билдиришти.

«Оштогу балдар онкология бөлүмүн Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунан айрым кароо туура эмес. Ош облустук оорукананын дарыларга болгон муктаждыгы эсепке алынган. Алардын сурамына жараша ар бир позицияга тендер жарыяланган. Ошондой эле жаңы оорулуулар пайда болгонун эсепке алып дарылар алынат. Ош муктаждыкка карап дарылардын бөлүгүн алат», — дешти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Учурда онкология бөлүмүндө 10 бейтап дарыланып жатат. Ошондой эле 11 бейтап келип-кетип медициналык жардам алышууда. Ал эми 2019-жылы Оштогу облусттар аралык балдар клиникалык ооруканасынын онкология жана гематология бөлүмүндө жалпысынан 572 бейтап дарыланган. Ошто жылына 7-8 балага паллиативдик жардам берилет.

ТЕМА БОЮНЧА: Ошто балдар онкологиясы менен кантип күрөшүп жатышат?