Ош облусунун Фуркат айылы. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов

Ош шаарында 1-майдан тарта айрым ишканалардын иши жандандырылгандан улам калаага каттаган айдоочулардын саны өстү. «Клооптун» окурмандары жиберген сүрөттө унаалардын тыгынын көрүүгө болот. Транспорттун көпчүлүгү Ош облусунун райондорунан шаарга карай бет алууда.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, алардын арасында шаарга негизсиз кирүүнү калагандар да бар.

«Кээбирлери алдап, “мен курулуш тармагында иштеймин” деп айтышат. Кыскасы кайсы тармакка уруксат берилген болсо ошол жаатта иштегендер көбөйүп кетти. Бир унаага төрттөн-бештен отуруп алышат, норма боюнча жүргүнчүлөр экиден ашпашы керек», — деди Сыдыков.

Сыдыков шаарга унаа менен кирүү үчүн айдоочулар мэриядан атайын уруксат кагазын алышы керек дейт. Ал эми тыгында турган айдоочулардын биринин айтымында, санитардык-карантиндик постто тургандар айдоочуларды маршруттук баракчанын негизинде киргизип жатышат.