COVID-19дан дагы 37 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 37 бейтап коронавирустан айыкты. Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Өпкөнү сезгенткен илдеттен Бишкек шаарынан 21, Ош жана Жалал-Абад облустарынан бирден, Нарын облусунан алты, Баткен облусунан эки, Ош шаарынан алты адам сакайды.

Кыргызстанда 3-майга карата коронавирустун жаңы 26 учуру катталды — жалпысынан 795 учур. Ооруканаларда 564 адам жатат. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө он бир бейтап которулган — алардын төртөө оор абалда.