Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: 24 kg

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 26 адамдан аныкталды — алардын жетөөсү медкызматкер. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 3-майдагы брифингде билдирди.

Бишкекте он төрт, Ош облусунда эки, Чүй облусунда тогуз жана Баткен облусунда бир учур катталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 795ке жетти — анын 207си медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 564 адам айыкты, он бейтап көз жумду.

Жалал-Абад облусунда 118 киши аталган ооруну жуктуруп алды. Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 97ни түздү. Чүй облусунда COVID-19 70 адамдан табылды. Ысык-Көл облусунда он, Ош облусунда 169, Ош шаарында 113, Бишкек шаарында 205, Баткен облусунда 13 учур катталды. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру катталган жок.

Учурда ооруканаларда 221 бейтап калууда. Алардын он бири оор абалда — төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 741 адам алынды.

Ошондой эле 5-февралдан тарта 3-майга чейин жалпысынан 55 800 үлгү келип түшкөн. Алардын 55 620сынын жыйынтыгы чыккан.