Баткендеги селден улам 69 миллион сомдук зыян келтирди

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров сел жүргөн Баткен облусунун Исфана шаарындагы жана Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарындагы суу каптаган бир нече объектилердин жана үйлөрдүн абалы менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала эсептөөлөр боюнча сел аймактарга 69 миллион сомдук зыян келтирди.

Мадумаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тургундарга тийиштүү жардамдарды көрсөтүү жана жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмаларды берди.

Лейлек районунун айрым аймактарында 2-майда сел жүрүп, турак жайларды, үйлөрдүн короолорун, бала бакчанын жертөлөөсүн жана унаа жолдорун суу каптады. Соцтармактарга жарыяланган тасмалардан мал жандык да акканын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ошол күнү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен тоолордон сел суулары агып түшкөн. Министрликтин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар сел калдыктарын тазалап жатышат.