Видео: Исфана шаарын сел каптап, турак жайлар суу алдында калды

Баткен облусунун Исфана шаарында 2-майда саат 18:30дар чамасында сел жүрүп, турак үйлөрдү жана жолдорду суу каптады. Азырынча адам өмүрүнүнө коркунуч жаралып-жаралбаганы белгисиз.

Баткенге ӨКМдин башычысынын орун басары Равшан Рысбаев жетектеген топ жөнөп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, сел жаап өткөн мөндүрдөн кийин жүргөн. Министрликтин Лейлек райондук бөлүмүнөн кызматкерлери жеринде иш алып барышууда.

«Министр Замирбек Аскаров абалды жеке көзөмөлүнө алды», — деп маалымдады ӨКМдин басма сөз кызматы.

Министрликтен ошондой эле Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан деп кабарлашты.

Социалдык тармактарда тараган тасмадан тургундардын бири мындай сел көптөн бери келбегенин айтканын көрүүгө болот.