Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде коронавирустун жаңы 35 учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 4-майдагы брифингде билдирди. COVID-19ду жуктуруп алгандардын тогузу медкызматкер.

Өпкө илдетине Бишкекте 26, Жалал-Абад облусунда 5, Чүй облусунда 2, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам чалдыкты. Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 830га жетти — анын 216сы медкызматкер.

Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 123, Ош облусунда –169, Ош шаарында – 113, Чүй облусунда – 72, Бишкек шаарында – 231, Баткен облусунда – 14, Нарын облусунда – 98, Ысык-Көл облусунда – 10. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру катталган жок.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 3 545 адамды түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Коронавирус жуктурган 10 киши каза тапты, алардын бириси Бишкектеги №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси.

Ал эми өпкө илдетинен жалпы 575 бейтап айыкты. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 245 адам жатат — алардын он үчү оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө алты бейтап калууда. Жалпысынан өлкө боюнча обсервацияда 908 адам жатат.

Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 57 109 анализ жасалган. Алардын ичинен 56 488инин жыйынтыгы чыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз