Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам каза болду — бирөөсү дарыгер

Республикалык штабдан 2-майда коронавируска чалдыккан дагы 2 бейтап каза болгонун кабарлашты. Алардын бири №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 58 жаштагы жетекчиси болгон, экинчиси 69 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну. Экөө тең аял киши.

Штабдан маркумдарда эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги катталган деп белгилешти. Мындан сырткары алардын жүрөк оорусу, кант диабети жана полиоргандык жетишсиздиги сыяктуу кошумча оорулары болгонун кошумчалашты.

Ушуну менен Кыргызстанда өпкө илдетинен каза болгондордун саны 10 адамга жетти. Жалпысынан коронавирустун 769 учуру катталды. Анын 200ү же ооруга чалдыккан ар бир төртүнчү бейтап медицина кызматкери. Ал эми коронавирус жуктургандардын 527си айыгып ооруканадан чыгарылды.

Адистердин баамында Саламаттык сактоо министрлиги инфекциялык көзөмөлдү ишке ашыра алган жок: логистиканы жана медиктерди өздүк коргонуучу каражаттар менен камсыздоону.

29-апрелде №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда 9 медкызматкер ооруну жуктуруп алганы белгилүү болгон. Алар коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон эмес, медиктердин айтымында алардын атайын коргонуучу каражаттары жетишсиз болгон. Саламаттык сактоо министрлиги учурда мунун чоо-жайын териштирүүдө.