Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 13 адамдан табылды — алардын бирөөсү медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 5-майдагы брифингде билдирди.

Бишкекте сегиз, Нарындан беш учур катталды. Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 843кө жетти — анын 217си медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 600 адам айыкты, он бир бейтап көз жумду.

Жалал-Абад облусунда 123 киши аталган ооруну жуктуруп алды. Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 103тү түздү. Чүй облусунда COVID-19 72 адамдан табылды. Ысык-Көл облусунда он жана Баткен облусунда 14 учур катталды. Ал эми Бишкек шаарынан 239, Ош шаарында 113 жана Ош облусунан 169 учур катталды. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Учурда ооруканаларда 212 адам калууда. Алардын сегизи оор абалда, бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 917 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 3755ти түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле 5-майга чейин жалпысынан 59 176 анализ жасалган. Алардын 58 030нун жыйынтыгы чыккан.