Сузакта коргоочу костюм берилбегенин айткан милиционер кызматынан бошотулду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Нурдин Жээнтаев

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенка айылындагы постто турган кызматкерлерге атайын коргоочу форма берилбегенин айтып чыккан милиционер кызматынан бошотулду. Маалыматты Жалал-Абад шаары боюнча комендатуранын пресс-борборунун кызматкери Нурдин Жээнтаев «Клоопко» тастыктады.

Эмне болду?

Соцтармактарда милиционер атайын коргоочу кийимдер берилбегенин, күнүнө бир маал гана тамак берилип жатканын айтып жатканы тартылган тасма тараган. Аталган укук коргоо органдарынын кызматкери «Турмушка» билдиргендей, тасманы атайын таратуу максатында тарткан эмес. Аны ал-абалын сурап байланышкан милициянын ардагери Мухтар Исмаиловго гана жолдогон. Андан кийин тасма соцтармактарга тарап кеткен.

«Күн-түн болуп нөөмөттө туруп иштеп жатканбыз. Кээде күндүзү, кээде түнү иштеп жатканбыз. Күнүгө барганыбызда бир даана беткап берет, бир жолу колдонулчу. Колкап менен антисептик берет. Бир маал тамак берилет. Атайын коргонуучу кийим берилген жок. [...] Анан бир күнү абам (ардагер Мухтар Исмаилов) менен сүйлөшүп калдым. Абалды сурады, айтып ага видео тартып жиберип койгом. Атайын чыгарган жокмун ал видеону», — деген кызматкер.

Анын айтымында тасманы тарткандан 3 күндөн кийин аны Жалал-Абад ОИИБиге чакырышкан. Ал жактан тактоо иштери жүргүзүлүп, ал кызматынан четтетилген. Милиционер чечимге макул эмесмин деп жазып берип, бирок иштен бошотуу боюнча документтин көчүрмөсүн колуна ала алган эмес. Ошондой эле ал, атайын кызматтык иликтөө кайрадан каралбаса, сотко кайрылууга даяр экенин билдирген.

Ал эми милиционер тасманы жолдогон Мухтар Исмаилов, милициянын ардагери катары кызматкерлер менен байланышып, абалды сурап тыгыз байланышта болуп турганын айтат. Ал эч бир милиция кызматкеринен коргоочу кийимдер берилгенин, жетиштүү камсыз болушканын уккан жокмун дейт. Ал эми жетекчиликтин бул иш-аракетин “чыккынчылык” деп эсептейт.

«Буларды жакшы камсыз кылбагандыгы бул чыккынчылык. Бул жигиттин оюнда да жок, түшүнө да кирген эмес тасманын ММКларга чыгып кетиши. Ким чыгарган болсо ал өзү билет, жана баары билет аны. Тактап сурап албайбы! Макулдашпайбы?! Интервью бергенде чындыкка дал келбейт деп гана кутулушат. Милициянын жетекчилери, комендант баш болуп, муну иштен алып коюшуп кесиптештерине: “көрдүңөрбү, кичине биз сызган сызыктан чыксаңыздар, силер да ушунун кейпин киесиңер” дегени, репрессия деп билем мен муну!» — деп билдирген ал.

«Тасмада айтылгандар чындыкка дал келбейт»

Ал эми комендатурадан кызматкердин тасмада айткандары чындыкка дал келбешин жана тасма атайын "бирөөлөрдүн буйругу" менен тартылган деп билдиришти.

«Видео кызматкерлер нөөмөт алмашуу учурунда тартылган. Андан сырткары бул монтаждалган, эки бөлөк тартылган видео. Кызматтык иликтөө учурунда ушулардын баары аныкталды. Бул кызматкер адашып, болбогон маалыматтарды атайын бирөөлөрдүн айтуусу боюнча, ошол тасманы тартып жана комментарий берип койгон», — деди Нурдин Жээнтаев.

Жээнтаев кызматкер түнкү нөөмөттө кызмат өтөгөнүн, кызмат учуру коменданттык саат убагына туш келип эл менен контакт аз болгондуктан атайын коргонуучу кийимдерди кийишпегенин, бирок беткап жана колкаптарды сөзсүз түрдө кийип турушканын айтты. Ошондой эле ал 24 саат бою нөөмөттө турган кызматкерлерге гана 3 маал тамак берилээрин кошумчалады.

«Жалал-Абад ОИИБи тарабынан атайын жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын бир топ мыйзамдарын, ошондой эле КРнын Ички иштер министрлигинин буйруктарын, андан сырткары КРнын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган талаптарды одоно түрдө бузгандыгы үчүн милициянын сержанты О.Б.Б милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционерлик кызматынан бошотулган», — деп билдирди ал.

Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу 18-мартта Жалал-Абаддын Сузак районундагы Благовещенка айылында катталган. Вирус Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан келген үч адамдан чыккан. Ошол эле күнү Благовещенка жана ага жанаша жайгашкан Орто-Азия менен Бостон айылынын тургундары карантинге алынып, жолдорго блок-пост коюлган.

Сузакта 5-майга чейин COVID-19дун жалпысынан 93 учуру катталып, алардын ичинен 89 адам айыгып чыккан.