«Эртең эмне болот?». Сузактын коронавирус аныкталган айылдарындагы жашоо

Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу 18-мартта Жалал-Абаддын Сузак районундагы Благовещенка айылында катталган. Вирус Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан келген үч адамдан чыккан. Ошол эле күнү Благовещенка жана ага жанаша жайгашкан Орто-Азия менен Бостон айылынын тургундары карантинге алынып, жолдорго блок-пост коюлган — 10 миң адам. «Клооптун» журналисттери аталган айылдардын тургундары менен баарлашып, алардын жашоосу кандай өтүп жатканы боюнча сурады.

Благовещенка айылынын тургуну Жолдубай Абдыкадыров алгач вирус Кыргызстанга келбеди деп сүйүнүп жаттык эле дейт. Анан эле кичи ажылыктан келгендер коронавирус жуктуруп келишкенин уккан эл чочулаганын айтат.

«Элдер чынында чочулады. Чочулаган эл эми үйүнөн чыкпай отурушат. Айылдагы ажы тойго барган эмесмин. Азыр жашоо мурдагыдай эле. Айылыбызда карантин болгон күндөн баштап жардамдар келе баштады. Дүкөндөрдө азык-түлүк жана ун кенен», — деди ал.

Благовещенка айылына коңшулаш жашаган Айнура* эл коронавирусту «атың өчкүр» деп тергеп жатышканын айтат. Илдеттин жайылбай, тез жоголушу үчүн элеттиктер ушундай ат берип коюшкан. Ал да карантинден улам эч бир жан көчөгө чыкпай жатканын тастыктады.

«Бостон, Благовещенка, Орто Азия каттуу карантинге алынган, биз болсо Благовещенск айылынын ылдый тарабындагы Жаңы-Дыйкан деген жерде жашайбыз. Гуманитардык жардамдар келип жатат. Картошка, пияз, ун, май, нан алып келишип, аларды алып жатабыз. Сузак тарап менен барып азык-түлүк алып келгенге мүмкүнчүлүк бар эле, бирок жолдошум эми биздин айылды да жабат экен деп айтып жатат», — дейт тургун.

Айнуранын айтымында, айылдагыларды аймактык ооруканадан келип текшерип жатышат. Ошондой эле “ажы тойго кимдер барган” деп сурап, аты-жөндөрүн жазып күндө дене табын өлчөп кетишет. Бирок Айнуранын үй-бүлөсүнөн ажы тойго эч ким барган эмес экен.

«Бирок бизге келе элек, мүмкүн кезек жете электир. Ажыга барып келгендердин үйүндө келини, неберелери бар экен. Аларды каттоого алыптыр деп уктук. Үйүндөгү келини “кайнатам негизи өзү ооруп келген, коронавирус жуктурган эмес, кондиционердин алдында отуруп шамалдап калган экен, ошондон ооруп келген болчу” деп айтып жатыптыр. Ал бир жагынан коомдун талкуусуна түшүп калгандан да ушинтип айтып жатты окшойт», — деп кошумчалады ал.

Ал эми Орто Азия айылынын тургуну Зейнеп* да карантинге байланыштуу үйүндө отурат. Ал күн сайын турак жай менен короону хлор чачып дезинфекциялап турат. Ошондой эле ӨКМдин кызматкерлери да көчөнү эки маал залалсыздандырууда дейт.

Анын жумушу айыл сыртында. Бирок жетекчиси карантин убагында жумушка келбей коюушун кубаттап, айлык маянасы буга карабастан берилерин айткан.

«Негизи ишке чыгышыңар керек деген, бирок посттон өткөндөн кийин кайра киргизбейбиз деген үчүн отуруп калдым. Жумуштан сурасам карантинге жабылган аймактар отура бергиле, айлык төлөп беребиз деген. Бул боюнча толук маалымат алгандан кийин үйдө отуруп калдым. 15 күндө билинет анан андан ары кырдаалага карап көрөбүз», — дейт ал.

Зейнептин айтымында, айылда азык-түлүк жетиштүү. Бир ирет азык-түлүктү бекер алышкан. Андан сырткары, каалоочулар дүкөндөрдөн сатып ала алышат.

«Элдерге алдын ала эскертүүлөр берилип жатканда азык-түлүктү камдап алышкан экен, ошо менен отурушат. Өкмөт кандай көрсөтмөлөрдү берген болсо ошолорду аткарып атабыз. Блок-посттон магазинде иштеген адам эле өтүп, азык-түлүк алып келе алат. Башка эч ким өтө албайт. Баалар көтөрүлгөн эмес, аны текшерип турушат», — деп кошумчалады тургун.

Орто Азиядагы дыйкандарга талаага чыгып иштеп келүүгө уруксат берилген. Айрымдар талаа иштери менен алек. Ал эми Зейнеп* өкмөт берген бир жолу колдонуучу беткап бергенине карабастан көп жолу колдонуучу беткап тигип жатат.

Благовещенка айылынын дагы бир тургуну интервью үчүн эмес жөн гана сүйлөшүүдө эл коронавирус тууралуу жакшы билбегендиктен алгач дүрбөлөң болгон жок дейт. Бирок блок-посттор коюулуп жолдор тосулганда тургундар келечек тууралуу ойлоно башташканын айтты.

«Эртең эмне болот деген ой баштан кетпей туруп алды. Тууган-уруктан телефон чалуулар тынбай келип калды, кишини кыжаалат кылып... Адам баарына көнөт экен. Бир аз болсо да көнүп калдык. Ушул шылтоо менен азыр көчөгө чыкпайбыз. Короо менен алекпиз», — деп түшүндүрдү ал.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нурсултан Абдуллаевдин айтымында, Сузак району боюнча 300 миңдей адам бар. Учурда оору жуктургандар менен карым-катнашта болгондор дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун айтты.

«Бирок баардык тургундарга маалымат берилген, эгер өздөрүн начар сезип, ооруп калса кайрылгыла деп. Азыр ооругандар менен контакт болгондор 3384 адам деп эсептелинип жатат, бирок бул күнүнө өзгөрүлүп тура турган сандар», — деп түшүндүрдү Абдуллаев.

Жалал-Абад облусунда коронавирусту аныктоочу лаборатория жок болгондуктан мобилдик лаборатория тартылган. Анда күнүнө 100гө жакын адамды текшерүүгө мүмкүнчүлүк бар.

26-март эртең мененки убакытка карата өлкө боюнча COVID-19 вирусун 44 киши жуктурганы белгилүү. Алардын 17си Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда, экөө Ала-Бука районунда, 11и Ош облусунун Ноокат районунда, 8и Кара-Суу районунда, бирөө Ош шаарында, бирөө Баткен облусунун Баткен районунда, бирөө Чүй облусунун Москва районунда жана үчөө Бишкек шаарында.