Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб Кыргызстанда 6-майга карата коронавирустун жаңы 28 учуру катталганын маалымдады — ооруга чалдыккандардын төртөө медкызматкер. COVID-19ду Бишкек шаарынан 16, Жалал-Абаддан алты, Баткен облусунан төрт, Чүйдөн эки адам жуктуруп алды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 871 жетти — анын 221и медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 614 адам айыгып, он эки бейтап каза болду.

Бишкек шаарында коронавирус кескин жайылууда — бүгүнкү күндө борбор калаада илдетти жуктургандардын саны 255 адамды түздү. Ал эми Ош облусунда — 113, Ош шаарында — 169 учур катталды.

Жалал-Абад облусунда 129 киши илдетке чалдыкты. Нарын облусунда коронавирус 103 адамда аныкталды. Чүй облусунда COVID-19 74 адамдан табылды. Баткен облусунда 18 учур катталды. Ыссык-Көл облусунда он учур катталып — баардык бейтаптар илдеттен айыкты. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Учурда ооруканаларда 245 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен жети бейтап оор абалда — төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 675 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 3855ти түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле 6-майга чейин жалпы 59 490 үлгү изилдөөгө келип түштү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 1571.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.