Кара-Сууда күйөөсүн милиционерлер сабаганын айткан аял президентке кайрылды

«Клооптун» редакциясына Мухайо Абдужапарованын президент Сооронбай Жээнбековго жасаган видеокайрылуусун жолдошду. Абдужапарова күйөөсүн Ош облусундагы Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери аёосуз сабаганын айтууда. Бирок Ош ОИИБиден анын айткандарын четке кагышты.

Абдужапарова кайрылууда кабарлагандай, Кара-Суу шаарынын тургуну — күйөөсү Мамиржан Ташматов 2020-жылдын 2-май күнү кечки саат 6лар чамасында азык-түлүк алууга дүкөнгө чыгып кетет. Ал дүкөндө кезекте турганда райондук милициянын башчысы сатуучуну сөгүп жатканын көрүп, аны видеого тартып алат. Ташматовдун тасмага тартып жатканын милиционер көрүп калат. Анын буйругу менен кол астындагылары Ташматовду унаага салып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришет. Абдужапарова укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ташматовдон тасманы өчүрүп салуусун талап кылып, унаада бара жатканда сабашканын айтты.

Андан соң видеону өчүрүп салуу шарты менен аны кечки саат 8дер чамасында өзү жашаган көчөнүн башына «оор абалда» таштап кетишкен. Бирок жабырлануучу окуянын баарын диктофонго жаздырып алат.

«[...] Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков, туура эмес болуп жаткан көрүнүштү тасмага тартып алуу күнөө ишпи? Ошол тасмага тартып алганы үчүн ушунчалык урганга акылары барбы? Күйөөмдүн бир гана күнөөсү анын тасмага тартып алганында болгон. Ушуларга карап, бизди кимдерге калтырып койгонуңузга бир карап коюңузчу, сураныч сизден!» — дейт Абдужапарова кайрылуусунда.

Суракка алуу

Абдужапарова күйөөсү өзүн начар сезгендиктен ооруканага кайрылганын айтат. Бирок дарыгерлер Ташматов тууралуу милиционерлерге кабарлагандан соң, эртеси күнү алар анын үйүнө келишкен.

«Эртеси күнү таңкы саат 6-7лер чамасында милиция кызматкерлери үйүбүзгө “Эмне үчүн ооруканага барды?” деп сурап келишти. Дарыгерлердин милиционерлерге айтып койгонго акысы барбы? Милиция кызматкерлери бизди келип сурак кылышты. Балдарым азыр эшик тыкылдаса деле “Атамды дагы алып кетишеби? Аны дагы урушабы?” деп корко турган болуп калышкан. [...] Күйөөм жада калса ооруканага жаткандан коркуп жатат, себеби дарыгерлер милицияга жеткиргенден кийин, аларга да, эч кимге ишеничибиз калбады!» — деди ал.

Мухайо Абдужапарова үй-бүлөсү оор шартта жашаганын, жубайлардын ортосунда 4 жаш бала бар экенин кошумчалады. Ал күйөөсү жалгыз багуучу экенин, бирок карантин убагында жумуш токтогондуктан, мамлекеттен жана кайрымдуу инсандардан алган жардам менен күн көрүп келе жатышканын белгиледи.

Аудио жаздыруу

Ташматов ыктымал милиционерлер менен бара жатканда жазылып алынган аудиодо ал колу ооруп жатканын айтып, «мени коё бергиле» деп бакырганын жана сөгүнгөн сөздөрдү угууга болот.

«[...] Мыйзам чегинде сүйлөшөбүз дейсиңер, ушулбу мыйзам? Кыргыз Республикасынын мыйзамыбы ушул? Мыйзам болгондо мени мынтип алып келмек эмессиңер! Колум чыгып кеткен дегениме карабай алып келип жатышат. Абдан уруп салышты, мени эзип салышты! [...] Өзүмө келип алайынчы акелер! [...] Мына ушул жерде видео бар, сураныч өчүрүп салышпасын! Ошол жерде баары бар! Эгер видеону өчүрүп салышса дүкөндүн байкоочу камераларында жазылып калгандары да тастыктап берет!», — деген ал кимдир бирөөгө.

Ташматов кайсыл видеону өчүрүп салбоосун суранганы белгисиз. Ал эми аудио жазууда бир нече кишилердин «Өзүнө келет азыр, анан мыйзам чегинде сүйлөшөбүз» деп айтканы сакталып калган.

Экстремистик уюмдун мүчөсү

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» аталган маалыматты чындыкка дал келбейт деп билдирди. Аширбаев окуя 2-май күнү саат 19:00 чамасында болгон дейт.

Ал Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө карантиндик-санитардык режимдерди бузуп көчөдө кийим сатып жаткан атуулдарды милиция кызматкерлери таратуу учурунда, аталган жаран талаптарга баш ийбей «кайым айтышкан» жана окуяны видеого тарткан деп айтты.

«Жаранга видео тартууга эч ким эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Сатуучулар ошол санитардык эрежени сактабай, дүкөндөрүн жапкан үчүн ушундай жолдорго барып жатышат. Аны милиционерлер урган болгондо, ошол эле күнү ызы-чуу кылып чыгышмак. Булар конституция күнү атайылап ушундай билдирүү жасап жатышат жалгандан», — дейт Аширбаев.

Басма сөз катчы жиберген тасмада өзүн Кара-Суу РИИБинин башчысымын деп тааныштырган адам көчөдө туруп жайкы бут кийим сатып жаткандарга ачуусу келип, эскертүү бергенин көрүүгө болот. Ал үчүнчү жолкусунда сатуучуларга айыппул салынаарын айтып, тезинен сооданы токтотууну талап кылган.

Ал Мамиржан Ташматов Ош шаардык соту тарабынан 2015-жылда 4 жылга эркинен ажыратылып, 2016-жылда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №42-мекемесинин сунушу менен шарттуу түрдө абактан чыгарылганын билдирди.

Ошондой эле Аширбаев Ташматовдун аймактык ооруканага кайрылгандан кийин Кара-Суу РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя боюнча көрсөтмө алуу үчүн барганын тастыктады. Бирок ал милиционерлерге көрсөтмө бербей, дарылануудан баш тартып кетип калганын айтты. Ал ошондой эле 3-май күнү Ташматовдун үйүнө укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы бир жолу көрсөтмө алуу үчүн барышканын да ырастады.

Аширбаев Ташматов жаздырып алган аудио боюнча ал атайын жасалган болушу мүмкүн деген оюн айты.

«Аудиодогулар милиционерлер экенине эч ким кепилдик бере абайт. Алар өздөрү эле жасаган болушу мүмкүн, себеби ушул эле жаран 2015-жылы камалаарда дал ушинтип, милиция урду деп, ар кандай нерселерди жасаган жана алар тастыкталган эмес. Аудио далил боло албайт, ошончо видеого тарткан, уруп жатканда тарта албай калмак беле? Булар аябай жакшы билишет мыйзамды, урган болгондо прокуратурага кайрылмак», — деди ал.